Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:44

ПУТИН ЖАНДЫРГАН ҮМҮТ


26-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевдин Москвадагы расмий сапары, жолугушуулары, 29-апрелде болчу митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

26- апрелде жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы президент Курманбек Бакиевдин Орусияга болгон расмий сапары, кыргыз-орус кызматташтыгынын жаңы багыттары тууралуу кеңири репортаж беришти. “Президент Курманбек Бакиев мурдатан Түркияга пландалган расмий сапарын кийинки мөөнөткө жылдырып, Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен дароо Москвага барып, экономикалык-соода байланыштарын тереңдетүү багытындагы келишимдерге кол койгонун, орусиялыктар Кант шаарындагы авиобазасын дагы кенейтүүгө кызыкдар экенин “Республика” гезити жана башка жумалыктар маалымдады.

“Товар жүгүртүүнүн деңгээли дагы 40 пайызга жогорулаарын, учурда Кыргызстандагы экономикалык жагдай кыйын кырдаалга туш болуп турганын, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө аракет кылышаарын, энергетика жана машина куруу тармагы боюнча биргелешкен долбоорлор бардыгын президент Владимир Путин билдирип, өчүп бараткан үмүттү жандырды” деп баяндайт “Аргументы и факты” жумалыгында кабарчы Айым Кыдырова.

27-апрелде Бишкекте “Саткын маалымат каражаттары же алдыга умтулган медиа” аттуу басма сөз форуму болоорун, анда сөз эркиндиги, коммерциялык кызыкчылыктар,демократия,коомчулук кызыкчылыгы, маалымат баалуулугу тууралуу талкуулар болоорун ушул “Аргументы и факты” жумалыгы кабарлаган.

Ушул жумалыкка берген маегинде Борбор Азия туристтик компаниясынын президенти Данияр Казаков “Кыргызстандагы туризмге өкмөт каражат бөлсө гана ийгиликтер болоорун, өлкөдөгү митингдер жайкы эс алууга антиреклама болоорун” айткан.

“29-апрелдеги митингде тополоң чыгарууга жол бербейбиз.Керек болсо тартипти сактоо үчүн күч колдонобуз” деген пикирди бир нече гезиттерге өлкөнүн ички иштер министри Мурат Суталинов айтып, кырдаалды көзөмөлгө алууга кудурети жетээрин билдирген.

26-апрелде мындан 20 жыл мурда Чернобыль атомдук станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жойууда кыргызстандык жүздөгөн атуулдар
жабыр тартканын, учурда айрымдары ден соолуктарынан ажырап майып, бакма болуп калышканын, аларга жөлөк пул төлөө үчүн өкмөт 7млн. 800 миң сом каражат бөлгөнүн 26- апрелдеги “МСН” гезити баяндады.

Ушул гезит учурда “отко бензин чачкандай”, бийликти коркутуу, үркүтүү болуп жатканын, өлкөнүн келечеги бүдөмүк болуп турганын, бийликке каршы митинг тууралуу түрдүү маалыматтарды таратууда телерадио компаниялар элди дүрбөтүп турушканын, учурдун “каармандары” пайда болгонун кеңири жазып, оппозициянын лидерлеринин карикатурасын берип, алардын аракеттерин сынга алган журналист Карыбай Турусбековдун макаласына “МСН” гезити орун берди.

26-апрелдеги “Белый пароход” жумалыгы экс- президент Аскар Акаевдин кызы Берметти коопсуздук кызматы кармап, суракка алууга аракет кылганын жазып, анын “Баардык күнөөнү атакеме оодарып салууга учурдагы бийлик аракет кылып, биздин үйбүлөөнү куугунтуктоо уланып жатат. Мен жаңы китебимдин бет ачаарын өткөрүү үчүн Бишкекке келдим” деген пикирин жарыялады.

“Бакиев менен Куловдун тандемин бузуу керек. Бирок 29-апрелдеги митинг буга жардам бере албайт” деген пикирин Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров “Белый пароход” жумалыгы аркылуу билдирген. Ушул гезитке берген маегинде Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев “парламент өкмөттү отставкага кетире албастыгын айтып, ал үчүн жашыруун добуш берүү натыйжа берээрин, тандемди ушундай жол менен гана бузууга болоорун айткан.

26-апрелде “Дело №” гезитине берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаев бийликке жаштарды тартуунун зарылдыгын, коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгууну айткан. Ушул жумалык “ХИПК” программасы тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин эл аралык байланыштар департаментинин директору Азиз Мадмаровдун пикирин жарыялады. Анын оюу боюнча “ХИПК” программасына кирүү Кыргызстандын кадыр-баркын түшүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG