Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

АЛМАТЫДА ОППОЗИЦИЯЛЫК ГЕЗИТТЕ ИШТЕГЕН ЖУРНАЛИСТТИ САБАП КЕТИШТИ


Азиза Турдуева Жакында жабылган опозициялык “Айна плюс” гезитинин жооптуу катчысы Кенжегали Айтбакиев 23-апрелде кечинде Алматы шаарында мыкаачылык менен сабалды. Анын кесиптештери бул окуя саясий мүнөзгө ээ деген пикирлерин айтышууда.

Учурда бул окуяга байланыштуу Алматы шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, Кенжегали Айтбакиевди сабап кеткендер изделүүдө. Айтбакиев “Саяхат” автобекетинен үйүнө кайтып бараткан жеринен белгисиз он чакты адамга кабылып, ур-токмокко алынган. Ал учурда Алматы шаарында облустук ооруканада жатат.

Дарыгерлердин айтымында, Айтбакиевдин абалы оор. Бул тууралуу анын кесиптеши Ермурат Бапи “Азаттыкка” мындайча билдирди:

-“Кенжегалинин абалы өтө оор. Аны мыкаачылык менен сабап кетишкен. Анын ээги, тиштери сынган. Башынан да катуу жаракат алган. Ага азыр мурдуна операция жасалды. Эми дагы эки операция жасалышы керек”, – дейт Ермурат Бапи.

Айтбакиевдин кесиптештери бул окуяны эркин журналисттин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Мындай көз карашты журналист Ермурат Бапи да колдоого алат.

-“ Алматы шаардык сотунун чечими менен “Айна плюс” гезити жабылбадыбы. Биз жаңы гезиттин биринчи санын чыгарууга киришкенбиз. Анын үстүнө АКШда жакында “Казахгейт” боюнча сот жараяны улантылат. Мурда да “Айна плюс” “Казахгейт” процессин чагылдырып турган гезиттердин бири болгон. ОШондуктан, биздин кесиптешибиздин мындай окуяга дуушар болушу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду деп эсептейбиз”, – дейт “Айна плюс” гезитинин кабарчысы.

Ал эми Алматы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Кенжегали Айтбакиев буга чейин да белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалган. Аны белгисиз бирөөлөр 2002-жылдын 20 майында “Солдат” гезитинин имаратында Бахтыгүл Макимбай аттуу журналист менен кошо сабап кетишкен. Мындай окуя 2006-жылдын март айында да кайталанган. Күнөөлүүлөр табылган эмес. Казак укук коргоочулары Айтбакиевдин ур-токмокко алынышын эркин басма сөзгө карата чабуулдун бир бөлүгү катары баалашууда.


Сүрөттө: журналист Кенжегали Айтбакиев
XS
SM
MD
LG