Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ташкенде кармалган канадалык жаранды Канада өкмөтү бошотууну талап кылууда


Канада өкмөтү кечээ күнү Өзбекстанга кайрылып, Ташкенде 27-мартта кармалган Канада жараны Хусейн Желилди бошотууну талап кылды, анткени анын эмне себептен кармалганы так түшүндүрүлбөй жатат. Желил өзү кытайлык уйгур жана улуттук боштондук кыймылга катышканы үчүн Кытайда абакка отуруп чыккан, 1998-жылы Желил Өзбекстанга келип, ал жерде үйлөнгөн жана кийин Түркия аркылуу Канадага кеткен. Ташкенге ал өз үй-бөлүсүн алып кетүүгө келгенде кармалган жана эми Кытайга өткөрүп берилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG