Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменени кечээ күнү АКШга кайрылып, эгер АКШ Иранга аскерий сокку урса, Иран дароо жооп берип, Америкага андан эки эсе көп зыян тийгизет деп билдирди. 28-апрелде Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Иран боюнча отчет тапшырууга тийиш, Иран жетекчилиги болсо эч кандай шартта өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотпой турганын билдирүүдө.