Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

“ОМУРООЛОГОН МИТИНГ”, “ОҢОЛТОБУ ХИПК”?


Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде козголгон негизги тема 29-апрелде өтүүчү көчө жыйын, ал тууралуу ой-пикирлер, сунуштар, божомолдор болууда.

“Бишкек таймс” гезити өтө турган тынч жыйын тууралуу биртоп инсандардын пикирин жарыялаган. “Мисалы, менин округумдагы эл митингден чарчадык, бизге тынчтык керек деп жатышат”, дейт депутат А.Марипов. Басылмада “Эркиндик” партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” деген аталышта маеги, ал жетектеген партия мүчөлөрүнүн кайрылуусу жарыяланган. Өкмөт башчы Ф.Кулов экономиканы билбейт, дейт Т.Тургуналиев.

Быйыл Кыргызстандын унаа жана байланыштар министрлиги 1000 чакырым жолду, “Бишкек – Ош” автожолу дирекциясы 194 чакырым жолду оңдоого киришери “Бишкек-Ош” автожолунун башкы директору Жамшитбек Калиловдун “Жамаачылоо жолдун өмүрүн жети жылга узартат” деген маегинде баяндалган. Кыргызстандын асфальт жолдорунун 80% өз мөөнөтүн кеминде үч ирет өтөп койгон. Техникалык норма боюнча асфальт жол 12 – 16 жылда толугу менен жаңыланып турушу керек.

“Жаңы кылым” гезитинде саясат таануучу Жолборс Жоробековдун “Оппозициядагы жигиттер да оңой жоолордон эмес” деген маеги жарыяланды. 29-апрелдеги жыйын “оюнга айланып кетиши мүмкүн. Анткени, массанын психологиясы өтө аз изилденген жана кандайдыр бир командага баш ийбеген нерсе. Мына ушундай кезде бензинге өрт койгондой болуп кетеби деп турам”, дейт Ж.Жоробеков.

Парламентке келгенден кийин оппозицияда жүргөндөрдүн кимдигин ачып берем дейт Балыкчыдагы депутат шайлоодо көпчүлүк добуш алган талапкер Р.Акматбаев жума күнкү “Жаңы ордо” гезитиндеги маегинде.

“Акулак” акционердик коомунун баш директору Н.Мотуев 29-апрелдеги митингге жалгыз өзү эле эмес, Жумгал эли каршы экенин ушул эле гезит аркылуу билдирген.

Казакстанда ушу тапта расмий маалыматтар боюнча 2% миңге жакын адам тамекиде иштеп жатат, деп маалымдайт Кыргызстан Акыйкатчысынын орунбасары М.Момунов “Кыргызды кыргыз сатып атат” деген маегинде. Анын ырасташынча, өз улутташтарын кул кылып сатып жаткандарга мыйзам тарабынан катуу чаралар көрүлбөй жатат. Өткөн жылы ыплас иш менен шугулданган 6 кишинин иши сотко берилген, бирок жыйынтыгы чыккан жок.

Улуттук илимдер академиясы чыныгы таланттуу окумуштууларды колдобой, академик, мүчө-корреспонденттик наамдар татыктуу илимпоздорго берилбей келатканы К.Алымкуловдун “Илимдер академиясын кантип өзгөртүү керек же математиктер кимдин курутун уурдашкан?” аттуу макаласында талдоого алынган.

“Кыргызстан экономикасы токойчунун көзү менен”. Ишкер токойчу Сазыкбай Турдумалиевдин ушундай аталыштагы план долбоорун жума күнкү “Аалам” гезити жарыялады.

Оппозиция сунуштаган он кадамды жасаса эле азыркы бийлик тарыхый бийликке айланмак, деп белгилейт “Кыргыз руху” гезитинде “Демократиялык күчтөр биримдиги” партиясынын теңтөрагасы Бакыт Бешимов. “Эгер ишке ашырса, анда тарыхый бийликке айланат. Бирок, менимче, кудурети жетпейт. Ошондуктан реформачыл команда, өкмөт түзгүлө деп жатабыз. Андай талаптарыбыздан эмне жамандык издеп жаткандыгын мен түшүнбөйм”, дейт Б.Бешимов.

29-апрелдеги жыйынга чыкпастыгын, бирок да анда коюлган талаптарды колдой тургандыгын “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева жума күнкү “Агым” гезити аркылуу билдирди. “Президенттин кечээ сүйлөгөнүн угуп абдан нааразы болдум. Менимче, президент өзүмбилемдик кылып атат. Чырлуу иштерге гарант катары эмес, кайдыгер карап жатат”, дейт Р.Отунбаева.

Оппозиция сүйлөшүүгө макул болбой, бир пикирге келүүдөн көрө көчө жыйындарын өткөрүүгө көбүрөөк ык коюп алганын президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жума күнкү “Кыргыз туусу” гезитиндеги маегинде баяндаган. “Демек, максаттары коюлган талаптарды чечүү эмес, башкада экени көрүнүп калып жатат го”, дейт ал.

Жергилүктүү жамааттар, фермер-дыйкандар партиясынын жетекчиси Байысбек Касымбеков “Омуроологон митинг, оңолтот деген Хипк” деген макаласында Кыргызстан эларалык каржы уюмдарынын кайырмагына илинүү коркунучуна кабылганын талдоого алган.

Чоң аянттагы жыйынга баруу-барбоо ар кимдин өз эркиндеги иш экени, 24-марттагы ыңкылаптын баасын кемиттүү аракети кандай жасалып жатканы “МСН” гезитиндеги Л.Жолмухамедованын “Башкы аянттагы Поп Гапондорго баруу керекпи же жокпу?” аттуу макаласында козголгон. Ушул эле гезитте В.Тимирбаевдин “Канчага чейин тагдырды тамашага чала беребиз?” деген макаласына да орун берилген.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG