Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

«ҮМҮТ» АРТЫНГАН УКУКТУК РЕФОРМА


Жаза өтөө жайларын реформалоо эми өкмөттүк «Үмүт» программасы боюнча жүргүзүлөт. Антишке жаза өтөө жайларынын адам чыдагыс абалы, мамлекеттин жаза өтөө жайларын мыйзамдык талапка жооп берерлик деңгээлде кармай албаганы себеп болду.

Кыргызстандын адилет министринин орунбасары Сергей Зубов өткөн жылы кызматтык иштери боюнча Швецияга барып, ал жердеги жаза өтөө системасын көрүп кайткан.

- Эми аларда кандай экенин элестетип көрүңүздөр. Швециянын 11 миллион калкынын 5 миңи камакта отурушат. А бирок эркинен ажыратылган 15 миң киши сыртта, биздегидей убагында көрүнүп коюп мажбур иштегендер. Бизде болсо, билесиздер, анын тескерисинче. Жазалоону жумшарткандан кылмыштуулук күчөп кетет деп коркуштун кажети жок, чочулабаш керек.

Сергей Зубовдун айтуусунда, Кыргызстандын абак жайларындагы оор шарттарды көргөндөн кийин боштондукка чыккандардын арасынан оңолуп чыкканы аз.

Башына тартса аягына жетпеген өп-чап каржылоонун кесепетинен абактагылар чала тоют отурушканын Кылмыш жазасын өтөө башкармалыгынын жетекчиси Марат Жаманкулов да белгиледи.

- 15,5 миң түрмөдө отургандар 5 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн кыйла эле көптүк кылат. Мамлекет үчүн ал материалдык жагынан эле эмес, моралдык жагынан да оорчулугун келтирүүдө. Ошондуктан жаза өтөө жайларын реформалоонун негизги принциптеринин бири кармоо шартын жумшартуу, кылмыш- жаза мыйзамын жеңилдетүү.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстандын кылмыш-жаза саясаты социализм тушундагыдай катаал, оор жазаны чектөөгө багытталган бойдон калууда. Эгемендиктин тушунда жыл сайын мунапыс жарыяланып, миңдеген адамдар бошотулат. Аларды кармап турууга жаза өтөө мекемелеринин шаасы жетпейт.

Атайын прокурордун орунбасары Кубанычбек Мамакеев жаза өтөө жайларынан качып аткандардын көпчүлүгү андагы оор шарттан улам болууда дейт:

- Анын себеби, жаза өтөө жайынын абалы. Айтып коеюн, колония-жайгашуу жайлары жарабай калды, анда жашоо өтө кыйын.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова мыйзамды жеңилдетүүдө биртоп жагдайларды эске алуу керек деген пикирде.

- Мына жаза өтөө жайлары толуп 16 – 17 миңге чыгып атпайбы. Бүгүн үй-бүлөсүнөн ажыратылбастан, үй-бүлөсүнүн жанында иштеп айыппул төлөө, башка ишке тартылуу, айлык акысынан кармап калуу сыяктуу жазанын башка түрлөрү сунушталyyда. Өлүм жазасын жоюп, анын ордуна башка жазаларды колдонууну, муну эларалык нормаларга ылайыкташтыруу сунушталып жатат.

Жаза өтөө системасын реформалоо барып-келип эле эларалык уюмдардын мойнуна илинип калат окшоп калды. Өткөн жылы убада кылган жаза өтөө системасында иштегендердин айлык маянасын 50% көтөрүүнү өкмөт быйыл аткарганы турат.

XS
SM
MD
LG