Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

АЗИЯ КУБОГУНДА 1 АЛТЫН, 2 КҮМҮШ, 2 КОЛО МЕДАЛЬ


16-26-апрелде Ташкент шаарында өткөрүлгөн оор атлетика боюнча Азия Кубогунда кыргыз жигиттери бир алтын, эки күмүш жана эки коло медалды жеңип келди.

Азия контингентиндеги 18 өлкөнүн улуттук курама командалары толук катышкан Ташкентте өткөн Азия Кубогуна Кыргызстандын командасын Азиянын жана 1-Ислам оюндарынын чемпиону Улан Молдодосов баштап барып катышып келишти. Мелдеш учурунда 300гө жакын балбандар арасында кыргыз жигиттери мыкты даярдыктарын көргөзүшүп, Иран жана Кытай , Казакстан өлкөлөрүнүн балбандары менен теңтайлашып, Азия Кубогунун бир алтын, эки күмүш жана эки коло байгесин утуп, олжолуу кайтты.

Тактап айтсак 85кг.га чейинки чоюн билек балбандардын күч сынашуусунда Улан Молдодосов жулкуп көтөрүүдө 158 кг. салмакты багындырып, түртүп көтөрүүдө 186 кг. оордукту көтөргөн. Ошентип Улан жалпы суммада 344 кг. оордукту көтөрүү менен Азиянын мыкты балбандарынын алдыңкы сабында турду. Экинчи орунду ирандык дүйнө чемпиону Вархах, үчүнчү орунду түштүк кореялык Жунг Кван ээледи.

Улан Молдодосов мурда Азия чемпионаттарынын күмүш жана коло байгелерин жеңип, былтыр Сауд Арабияда өткөн 1- Ислам өлкөлөрүнүн оюндарында чемпион аталган. Ошондой эле өткөн жылы Дубайда өткөн Азия чемпионатында баардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпионатынын алтын медалын экинчи ирет тагынган.

Улан Молдодосов 15 жашында спорт чеберинин талабын орундаткан. Алардын үй бүлөсүн оор атлетчилердин династиясы дешет. Себеби атасы-Өмүржан агалары Эсен жана Үсөн спорт чеберлери гана болбостон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар. Бир тууган инилери Кутман Молдодосов жана Өмүржан уулу Султан да Ташкенттеги Азия кубогунда экөө бирдей күмүш байгени жеңип келишти. Алар түштүк кореялык жана ирандык балбандарга гана бир- эки килого алдырып коюшту. Азия Кубогунун таймашууларында кыргызстандык Руслан Капаев менен Камбар Токтоналиев коло байгелүү болушту.

Кийинки учурдагы кыргыз жигиттеринин Азия биринчиликтеринде байгелерге ээ болуп кайтышы башкаларды таң калтырды. Азия аймагында кытайлык жана ирандык спортчулар сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүргөн кыргыз жигиттери өлкөнү эл аралык аренага таанытып жүрүшөт.

Ташкенттеги Азия Кубогуна балбандарды баштап барган өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөн Майназаров мындай деди:

- Бул мелдешке баруу үчүн даярдык дурус болду. Биз Азия Кубогуна 5 жигитти алып барсак, бешөө бирдей ийгилик жаратып, байгеге илинди. Улан Азия Кубогунун алтын медалын жеңип бергенде баардык кыйынчылыктар унутулуп калды. Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло эле. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук көрүп чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок.

16 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келаткан, өлкөнү эл аралык аренада тааныткан Азиянын чемпиону, Азия кубогунун жеңүүчүсү Улан Молдодосов алдыдагы таймашуулар жөнүндө өз оюн мындайча билдирди:
- Жакшы эле даярдык көрдүк. Ошонун жыйынтыгына жараша Азия чемпионатында, кубогун да уттум. Быйыл декабрда Катарда 15-Азия оюндарынын таймашуулары кыйын болчудай. Менин ирандык, кытайлык жана кореялык күчтүү атаандаштарым бар. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жылдызы жанышы мүмкүн. Аны мелдеш көрсөтөт. Себеби, ушул жолу мурда эки-үч ирет мени утуп жүргөн ирандык дүйнө чемпионун жеңип алдым. Быйылкы негизги максат- Катарда өтчү 15-Азия оюндарында байгелүү орунду ээлеп, Кыргызстандын намысын коргоо.

Кыргызстандык жигиттерди 2008-жылы Пекинде өтө турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер экендигин Азия оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Мурадил да баса белгиледи. Колдогу алтындын баркын билип жаштарга көңүл бөлүнсө.

Кыргызстандык балбандар май айында Казакстандын ачык кубогуна, күзүндө Африканын Доминикан өлкөсүндө өтүүчү дүйнө чемпионатына жана декабрда Катардын Доха шаарында болчу 15-Азия оюндарына барышат.

Кыргызстандык балбандары эби сыны жок, илгерки советтик штанга менен машыгып жүргөнүн, эл аралык талаптарга ылайык жабдуулар, штанга жоктугун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов айтты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG