Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Орусиянын газ корлорун иштетүүгө немис ишканалары катышат


Кечээ күнү Томск шаарында орус президенти Владимир Путин менен немис канцлери Ангела Меркелдин эки күндүк бийик жолугушуусу аяктады. Орусиянын Газпром жана Алманиянын БАСФ ишканалары ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, немис компаниясы Сибирдеги газ корлорун иштетүүгө катыша алат. Ал газ кийин Балтик деңизинин түбү менен жаткырылган куур аркылуу Алманияга жеткирилет. Путиндин айтымында болсо, Батыштан өтө көп сын айтылгандыктан, Орусия азыр Азияда жаңы кардарларды издөөгө мажбур.

XS
SM
MD
LG