Өлкөнүн тышкы иштер министри Борис Тарасюк альянстан 2008-жылы мүчөлүккө таклипнама алганга ырасмий Киев үмүт кылып жатканын да ырастады. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Украинанын альянска качан кошуларын азырынча так айтканга болбой турганын белгиледи. НАТОлук өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Софиядагы жыйынында альянсты кеңейтүүнүн келечеги тууралуу сөз болду.