29-апрелде Бишкектеги Ала-Тоо аянтында нөшөрлөгөн жамгыр алдында оппозиция уюштурган митингде Президент менен премьер-министр шайлоо алдында эл-журтка берген убадаларын аткарбай жатат деп катуу сындар айтылды. Алар азыркы бийликти уюшкан кылмыштуулук менен коюн колтук алышып кетип, Акаевдин тушундагыдай эле өлкөнү үй-бүлө башкарып жатат деп айыпташты. Демократиялык реформалар ишке ашбай, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш ооз жүзүндө калып жатканын сынга алышты.
Митингдин катышуучулары Президент Курманбек Бакиевдин, премьер-министр Ф. Куловдун борбордук аянтка келишин талап кылышты. Президент менен премьер-министр бир аз убакыттан кийин чогулган калың топтун алдына чыгышты. Курманбек Бакиев дайыма эл менен болорун, карапайым элден чыкканын, ага токсон пайызга жакын шайлоочулары ишеним көрсөткөнүн белгиледи. Ф. Кулов президент экөөнүн тандеми эл үчүн иштеп жатканын айтып, оппозиция коюп жаткан талаптарды жогорку бийлик карап чыгарын билдирди. Аянтта тургандар кыйкырык, сүрөөнгө алышып, президент менен премьер-министрдин сөзүн аягына чейин угушкан жок. Андан кийин К. Бакиев менен Ф. Кулов митингди таштап, чыгып кетишти. Мындай көрүнүштөн кийин оппозиция өкүлдөрү президент, өкмөт башчысы эл талабын угууга азырынча даяр эмес деп кыйкырып чыгышты.
Оппозициялык күчтөр жогорку бийлик эл талабына кулак салбаса, аткарылбаса 27-майда кайрадан митинг уюштурушарын айтышты. Тынчтык митингиси бир нече саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен уюштурулду. Бүгүнкү саясий акцияга болжол менен он миңдин ашык адам катышты.