Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

АКАЕВ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА МЕНИН ТИЙИШТИГИМ ЖОК». СТАЛИНДЕН АШКАН СААКАШВИЛИ. МИГРАНТ ЖАНА МИЛИЦИЯ


Муса Мураталы, Москва Орусиялык басылмалар 29-апрелде Бишкекте өткөн митингди, мурдагы президент Аскар Акаевдин ал митингди уюштурууга менин тийиштигим жок дешин, Грузиянын бийлиги кылмыштуулук менен паракорчулукту эмнеден улам жеңип атышын жана орусиялык милиция теги славян эмес элдерге шектенип мамиле жазай тургандыгын чагылдырган макалаларды жарыялашты.

Ишембиде 29-апрелде Бишкектин Алатоо аянтында өткөн митинг бийликке төрт апта сыноо мөөнөтүн бергендиги туурасында кыйла орус басылмалары жазышты. Маселен, «Полит.ру» сайты ал митингде президент Курмабек Бакиев менен өкүмөт башчы Феликс Кулов эл алдына чыгып сүйлөшкөндөн соң чогулгандардын көксөсү суугандай болду деп жазат. Уюшкандар талабы – кылмыштыуулук менен паркорчулукту тыюу үчүн чечкиндүү күрөш жүргүзүү, Конституцияны реформалоо ошондой эле кайсы бир жогорку кызматтагыларды иштен алуу болгон. Эгерде бул талаптар аткарылбаса анда 27-май күнү кайра да көчөгө чыгуу уюштурула тургандыгы айтылды деп жазат «Газета» басылмасы. Митингди өлкөнүн 20дай ири партиялары менен өкүмөттүк эмес уюмдары «Реформа үчүн» чакырыгы астында өткөргөнүн белгилешет.

Бишкекте өткөн митинг болордун алдыңкы күнү жарык көргөн санында мурдагы президент Акаевдин «Кыргызстанда март айында маңдай жарган кубанычтын акыры», - деген сөзү менен ат коюп «Московские новости» (28.04.2006) макала басты. Ал жерде экс-президент: «Кыргызстандагы азыркы окуяларда Акаведин тийиштиги жок. Мен ыңкылапка караганда секириксиз өөрчүү өйдө жана бир калыпта өнүгүү туура деген көз караштагы жолду дайыма карманчумун», - деген. Мурдагы Кыргызстан лидери байкашынча азыр «жумуриятта демократиялык оппозиция калыпка салынып эми ал кайратына келе баштады. Жаңы оппозициянын башкы айырмасы – анын былтыр 24-мартта мамлекеттик төңкөрүш жасаган күчкө окшобошунда. Анын генетикалык негизи коомчулук түпкүрүнөн өзүнөн өзү жаралды. Ошондой эле азыркы оппозиция чет элдик колдоочулар же кылмыш түзүлүштөр багуусунда эмес», - деген Акаев.

«Сталин жасай албаганды Саакашвили жазады» деген ат менен «Регнум» ("REGNUM" 28.04.2006), бейшемби күнү макала басты. Ал жерде Грузия бийлиги кантип экономика менен саясатка бутташып аткан кылмыштуулук жана паркорчулукту ооздуктаганы кеп болот. Грузиянын ички иштер министри Вано Мерабишвили айтканга караганда мындай ийгиликке алар өлкөнүн Кылмыш кодексине тийешелүү өзгөртүүлөр жазылгандан кийин гана жетишкен. Көрсө Грузияда «мафиялыкка каршы» мыйзамы кабыл алыныптыр. Ал мыйзамга жараша бир эле кылмышкердин өзүн эмес ал уюмга мүчө болгондордун баарын сот жообуна тартуу мүмкүндүгү берилиптир, - деп жазат басылма.

Грузиянын юстиция министри Гиа Кавтарадзе айтканга караганда кийинки учурда коомчулук кыжырын кайнаткан маселелер, жакындагы, Тбилиси түрмөсүндө козголоңго дейре, кылмыш түзүлүштөрү мамлекет менен текөөрлөшүү максатта уюштуруп келаткан. «Кийинки учурда өлкөдө жагдай оңоло башташы жоо канчалык куу болбосун аны менен кармашып аткан мамлекет күчтүү болсо аны жеңе тургандыгын билдирди», - деген министр.

Эл арасында айтылып келаткан «уурунун ууру кылышын Сталин да койдура албаган» деген кеп жалганга чыкканы далилденди деп айтылган ал жерде.

«Комсомольская правда» (28.04.2006) эмне себептен Маскөөлүк милиция мигранттарды жаман көрөрүн электен өткөргөн макала баскан. Ажерде чыгарган жыйынтыкта, журналист Юлия Жуковская милициянын милициясы алдыңкы муундагылар экенин айтат. Аларга окшобогон дегинкиси, өздөрү Маскөөгө иш издеп келип милицияга орношуп, акча табуунун артынан түшкөн жаштар экенин ачып кеткен. Алардын жолунан ортоазиялык же кавказдык кишилер жолукса дароо токтотуп акча өндүрүү адат экенин айтат. Алар орусиялык жумурият титулдук жарандарына дейре, эгерде анын өңү славян элине окшобосо кармай тургандыгын айткан. «Милицияны якуттан кыргыз, чеченден грузин эмнеси менен айырмаланарын билиши керек», - деген ой айтат журналист. Көп учурда якутту деле, хакас, тува, калмакты деле кыргыз, казак деп кармап документтерин текшерүү болуп атканын айткан. Орусиялык милициянын кимди көрсө да анын оруска окшош же окшош эмес экенинен бүтүм чыгарып аларды токтотуу болуп атышы, акыры бир келип мамлекет ичиндеги саны жагынан аз калктар нааразылыгын чыгарууга алып келет. Ошондуктан милиция органы реформага муктаж деген ой айткан.

Кызык жери, маскөөлүк милициянын айтканын да гезит жаза кеткен. «Келгиндер биз үчүн саан уйдай. Качан болбосун аларды бир күнөө менен кармаса болот. Мыйзам дайыма биз тарапта. Эмне дегенде алар каттоодон өткүлөрү келбейт. Каттоодон өтсө жумушка уруксат алгысы келбейт… Албетте биз андай тартип бузууларды өз керт башыбыздын материалдык пайдасына жумшайбыз», - деген милиция.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG