Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

АКСЫЛЫК ДЫЙКАНДАР ОШТОН ЖЕР СЕМИРТКИЧ, ҮРӨН АЛЫП КЕЛЕ АЛБАЙ УБАРА


Мал багып, жер иштетүү, багбанчылык менен жан баккан Аксы районунун жер үлүшү аз болгон тоо бөлүгүндө талаа жумуштары али баштала элек. Каражаттын тартыштыгы, техника менен үрөндүн жана күйүүчү майдын жетишсиздигинен көптөгөн жер айдалбай калган. Талаа жумуштары майдын жарымынан кийин башталганы менен дыйкандардын Ош шаарына түшүрүлгөн күйүүчү майды районго алып келүүгө да мүмкүнчүлүктөрү жок.

Райондун тоо бөлүгүндө бак, буудай жана май өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Карасуу, Кызылтуу, Каражыгач, Кербен, Жергетал айыл өкмөттөрүндө миңдеген гектар жер айдалбай турат. Жаңы жол айылындагылар жамгыр тилешет:

- Эгин-тегинди чыгаруу боюнча бир насосубуз бар эле союз убагында курулган, ал жараксыз болуп калды. Үч жылдан бери Кудай талаа берген суудан эптеп талаш-тартыш болуп сугарып атабыз - дейт Рүстөм Чекирбеков.

Коконбек Жаманкулов айткандай каражаттын тартыштыгы менен күйүүчү май, техника, үрөндүн аздыгы тоолуктардын колун байлаган:

- Жер аянтыбыз өтө аз. Аз болсо да ошону айдай турган техника жагынан өтө артта калганбыз. Үлүшкө берилген техникаларыбыз бүт жок болгон.

Кашкасуу айылында суу тартыш. Тоо жана булак сууларынын үзүрүн өзбекстандыктар көрөт. Актерек каналы курулса гана кашкасуулуктарга суу тиет. Айыл ардагери Абдраим Нарынбаев сунуш кылгандай техникалык кызмат түзүлсө, дыйкандардын жүгү жеңилдейт болчу:

- Суу жок. Жамгыр болсо болуп калат, болбосо жок, абдан кыйналып жатабыз. Р
айондо техникалык кызмат түзүлсө бизге жеңил болот эле.



Кызылжар, Кошдөбө айыл өкмөттөрүндө эгин себүүдөн бошогон техникалар тоо бөлүгүнө жиберилгени менен каражаты жок адамдар жерин карызга айдатуудан башка аргасы жок.

Акимдин орунбасары Абил Курбановдун түшүндүрмөсүндө жер семирткич алынбай, Ошко түшүрүлгөн күйүүчү майды Аксыга ташып келүү оор болууда:

- 65 тонна күйүүчү май берилиш керек эле. Жардам иретинде эсепке алдык эле бул маселе чечилбей калды. Минералдык жер семирткичтер боюнча Оштон кредиттин эсебинен биздин районго 100 тонна бөлүнүптүр. Ушуну алып келиш да кыйын болуп атат. Айыл өкмөттөгүлөр топтоп, алып келип берүүгө аракет кылып жатабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG