Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Президенттик администрация БШКга кысым көрсөтүп атабы?


БИШКЕК. Президенттик администрация тарабынан БШКнын мүчөлөрүнө басым жасалып, күч менен Рыспек Акматбаевди каттатуу аракети болуп жатат деп билдирди Азаттыкка ЖК депутаты Мелис Эшимканов. Депутаттын айтымында, ишенимдүү булактардан алган маалыматка караганда, Туйгунаалы Абдраимовдун каршылыгына карабастан Акүй БШКнын 8 мүчөсүн жең ичинен макул кылып, 3- майда мандат алып бергени турат. Бирок БШКнын мүчөсү Болот Малабаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенге караганда, комиссиянын мүчөлөрүнө президенттик администрация тараптан басым боло элек. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов соттук териштирүүлөр бүткөнчө Рыспек Акматбаевге депутаттык мандат берилбейт деп билдирип келет.

Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG