Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

ОРУСИЯДА 1-МАЙДА МАССАЛЫК ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн, 1-майда, Орусияда «Жаздын жана эмгектин күнүн» белгилеп жатышат. 1-Май азыр Орусияда расмий түрдө ушундай аталат. Бир катар ири шаарларда профсоюздардын массалык митингдери өттү. Аларда, негизинен эмгекчилердин абалын жакшыртуу талаптары коюлду. Москвада Мамдуманын жанында өтүп жаткан митинг учурунда улутчул жаштардын, айтылуу «скинхеддердин» тобу тополоң чыгарганы кабарланууда.

Москвада бүгүн күндүз күн ачык болуп, 16 градустай жылуу болуп турду. Ар кайсыл жерлерде тээ Советтер Союзунун учурунда эмгекчилердин майрамындагыдай желектерди илип коюшкан. Мына ушундай жаздын жагымдуу күнүндө шаардын көчөлөрү бүгүн бошоп калгандай сезилет. Коом пикирин изилдөөчүлөрдүн айтымында, көпчүлүк бул күндү айылдагы үйлөрүндө тамаркасында иштеп, же жөн эле үйдө эс алат экен.

Бирок, Москванын борбордук көчөлөрүндө тынч эмес. Бул жакта чыныгы майрам! Ар кайсыл профсоюздук уюмдар 25 миңдей адамды Москванын мэриясынын маңдайына топтой алышты. Алардын арасында орус парламентинде көпчүлүк орунду ээлеген «Бирдиктүү Орусия» партиясынын, «Жашоо» деп аталган дагы бир партиянын жактоочулары келишкен. Социал-демократиялык партия болсо «1905-жыл» көчөсүндө 4 миң адамдын катышуусунда өзүнүн митингин өткөрдү.

Бүгүн бардык митингдерде эмгекчилердин талаптары айтылып жатат. Орус өкмөтү бүгүндөн тарта бюджеттик мекемелерде иштеген адамдардын айлыгы 15%ке өсөт деп жарыялады. Ошондо өлкөдө эң төмөн айлык 1100 рубль болот, бул 50 долларга да жетпейт. Ошол эле учурда Москванын өзүндө болсо эң төмөн айлык акысы мындан төрт эсе жогору.

Тверская көчөсүндөгү митингде эл алдына Москванын мэри Юрий Лужков чыгып, бул сумманы «чыныгы маскарапоздук» деп атады.

- 800, анан бүгүндөн тарта 1100 рубль, деген эмне? Бул – чыныгы шермендечилик! Биз өкмөттөн жапайы, акылга сыйгыз стабилизациялык фонддун тушунда бул проблеманы чечиш үчүн өкмөт эмне кылганын сурагыбыз келет. Менимче, бүгүн өкмөт, өзгөчө Каржы министрлиги, биздеги толтура акчаны кантип пайдаланышты билбей, башы катып олтурат, - деди Москванын мэри Юрий Лужков.

Эмгекчилердин ал-ахыбалын жакшыртып, айлык маяналарын жогорулатууга чакырган демонстрациялар бир катар башка шаарларда да өттү. Красноярскиде көчөгө чыккандардын көпчүлүгүн жаштар түздү. Алар – бир катар окуу жайлардын студенттери.

- Биздин оюбузча, биз күчтүү индустриалдык регионго айланып, ийгиликтерди жаратышыбыз үчүн регионду өнүктүрүүгө арналган түрдүү долбоорлордо жаштар активдүү катышуусуна мүмкүнчүлүк берилиши керек, - дейт красноярскилик бул студент.

Ал эми Владивостокто болсо бүгүнкүдөй деңгээлде эл көптөн бери көчөгө чыга элек экен. 25 миңге жакын адам шаардын борборуна чогулду. Аларда да жаштар көп катышканы айтылууда. Майрам бул жерде кечинде дискотека, анан фейерверк менен аяктайт.

Якутскидеги митингге 75 миң адам катышты. Эч кандай тополоң-тоз деле болбогону айтылууда. Ички иштер министрлигинин кабарына караганда, былтыр дал ушул 1–май күнү бул жерде 81 миң адам көчөгө чыккан экен.

Мына ушундай эле майрамдык жөө-жүрүүлөр Новосибирскиде жана Санкт-Петербургда өттү.

XS
SM
MD
LG