“Электрстанциялары” акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкибековдун ырасташынча, буга чейин колдонулуп келген электр акынын эки тарифте эсептелингени бул жаатта аркыл көз боемочулуктарды жараткан.
- Мынабу система 150 киловатка чейин 43 тыйын, андан ашканын 80 тыйындан төлөө электр акысын каалагандай жазууга мүмкүндүк түзөт. Жөнөкөйлөтүп айтайын, 100 сомду кээде 200 киловат саатка деле жазып койсо болот. Дагы бир тариф боюнча ушул эле акчага 300 киловат саат электр энергиясынын акчасы чогулду деп жазып коюшат. Ошон үчүн бирдиктүү тарифке өтүү керек. Мен аны колдойм. Бирок да 62 тыйын туурабы же жокпу, мен ал тууралуу талашкым келбейт. Мен эксперт эмесмин, тариф 40 тыйынбы же 70 тыйын болушу керекпи, мен аны айта албайм,- деди Сапарбек Балкыбеков.
Азыр элдин 60 пайызга жакынынын дебитордук карызы бар, бирок ошонун теңинен көбү “жел” сандар, дейт Мамлекеттик энергетика жана газ инспекциясынын жетекчи орунбасары Акылбек Түмөнбаев:
- 150 киловатка чейинкиси 43 тыйындан, кээ бирөөлөр андан көп, айрымдары андан аз пайдаланышат. Анан да ойдон табылган кардарларга деле карыз жазылып калган учурлар бар,- дейт Акылбек Түмөнбаев.
Электр энергиясын бирдиктүү тарифке өткөрүү өткөн жылы эле болжолдонуп, калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн быйылкы жыл бюджетине 300 миллион сомго жакын акча бөлүштүрүү каралган. Бирок да бирдиктүү тарифтин акчасынын деле толук чогултулушу күмөн. Айрым адистердин ырасташынча, Кыргызстан өндүргөн электр энергиясынын ар бир киловатына 30 тыйынга жетпеген гана акы чогултуп келатат. Коммерциялык, техникалык жоготуулардын эсесин дагыле келип көпчүлүк көтөрүүдө.
Кыргызстандын энергетикасынын кийинки жылдардагы негизги башоорусу -квазифискал таңкыстыгы, техникалык, коммерциялык жоготуулардын азайбай жатышы болууда. Өткөн жылы анын өлчөмү 40 пайыздан төмөн түшкөн жок. Өкмөт башчы Феликс Кулов жагдай мурдагысындай эле калууда дейт.
- Отчеттук жылда жоготуулардын көлөмү 39 пайыздан ашты, иш жүзүндө 2004-жылга салыштырмалуу эч кандай өзгөрүү болгон жок. Энергосистеманы башкаруу, анын ишин жөнгө салууда ырааттуу иш жүргүзүлбөгөнүн айта кетким келет,-деди премьер-министр.
Ошондуктан аткаруу бийлиги кысталыш кырдаалдан чыгуунун жападан-жалгыз жолу болгон бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү аракетине киришүүдө. Анын себеп-жөнү Кыргызстандын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында мамлекет энергетикадагы уурдап жагууну тыйа албай койгондугунда:
- Бир сыйра текшерип, баарын көрүп, кайсы жерде уурдоолор жүрүп жатат, эмне үчүн биздин кардарларга караганда азыраак баа менен токту чет мамлекетке сатып жатат? Диагнозунун бүт баарын коюп чыктык. Тилекке каршы, өкмөт өзү деле тармакты жакшы башкарам деп башкара албай койду.