БИШКЕК. Кыргызстанда оппозициялык күчтөр дагы ультиматумдук маанайдан алыстап, бийлик болсо күч колдонуудан качыш керек. Мындай пикирин “Азаттыкка” саясат таануучу Нур Омаров билдирди. Анын пикиринде, учурда өлкө олку-солку кырдаалдын кырында турат. 27-майда оппозициялык күчтөр президенттин жана премьер-министрдин отставкасын талап кылса ал кырдаалды ого бетер курчутат.