Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:31

АМЕРИКАНЫН КӨПТӨГӨН САЯСАТЧЫЛАРЫ ИРАНГА КАРШЫ КҮЧ КОЛДОНУУГА КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага 28-апрелде Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иран боюнча отчетту Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине тапшырды. Анда - Иран агенттик менен толук өлчөмдө кызматташпай жатат жана Коопсуздук Кеңешинин мурдагы чечимдерин бузууда деп айтылат.

Коопсуздук Кеңеши эми маселени талкуулап, кандай чара көрүш керек экенин чечиш керек. Кеңештин туруктуу беш мүчөсү - АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын өкүлдөрү бүгүн Париж шаарында жолугуп, маселени талкуулайт. АКШ, Британия жана Франция Иранга каршы катуу чара көрүүнү талап кылууда, Орусия менен Кытай болсо ага каршы жана эгер маселе Коопсуздук Кеңешинде колго салынса, андай чечимге вето салышы мүмкүн.

Маселе Коопсуздук Кеңешине өткөрүлгөнү менен кошо - АКШ Иранга каршы өз алдынча күч колдонушу мүмкүн деген пикирлер да айтылууда. Бир кезде Франция Иракка өзөктүк реактор куруп берген. Курулуш бүтө жаздап калганда, Израилдин учактары 1981-жылдын июнунда Ирактын аба мейкиндигине кирип, ал реакторду жөн гана бомбалап жок кылып салган. Айрым экперттер жана журналисттердин пикиринде, азыр дагы Израил ошондой кылышы мүмкүн. Башкалардын айтымында, АКШ өзү азыр Иранга аскерий сокку урушу толук ыктымал жана АКШда жарыяланган айрым маалыматтарга караганда, андай даярдыктар көрүлө баштады. Ал тууралуу журналисттер президент Жорж Буштан сураганда, ал так жооп бербей, баары болушу мүмкүн деп айткан.

Бирок бир топ эксперттер жана дүйнөлүк белгилүү саясатчылар андай ыктымал соккуга каршы чыгууда. АКШнын мурдагы президенти Жимми Картердин учурунда президенттин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштеген Збигнев Бжезинскийдин пикиринде, АКШ андай сокку урса, ал жөн гана саясий келесоолук болот. Анын айтымында, Вашингтон өзүнүн опурталдуу саясаты менен Иранды ого бетер козутууда жана стратегиялык жактан алганда, Вашингтон мурдагы таарынчтарынын баарын коюп, Тегеран менен түз сүйлөшүү өткөрүүгө барыш керек.

АКШ, Алмания жана Польшанын мурдагы тышкы иштер министрлери Мадлен Олбрайт, Йошка Фишер, Бронислав Геремек жана дагы бир нече белгилүү саясатчы жакында президент Бушка ачык кат жазып, Тегеран менен эки татаптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды. 1979-жылдан бери Вашингтон менен Иран ортосунда дипломатиялык мамиле жок.

Вашингтон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Эдвард Луттактын айтымында, Иран региондогу өтө маанилүү мамлекет жана стратегиялык жактан алганда, АКШ аны менен жакшы мамиледе жана кызматташтыкта болууга тийиш, аскерий чаралар менен болсо ага жетүү кыйын.

XS
SM
MD
LG