Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

БИРИНЧИ МАЙ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА БЕЛГИЛЕНДИ


Нарын АЙЫП, Прага Биринчи май күнү дүйнөдө Жумушчулардын эл аралык күнү белгиленди. Анын теги АКШдан болгону менен, акыркы мезгилде ал Американын өзүндө көп белгиленбейт.

Токио шаарында өткөн демонстрацияга кырк миңге жакын адам катышты. Жапониялык жумушчулар - байлар менен кедейлер ортосунда улам көбөйүп бараткан ажырымга каршы чыгышты. Түркиянын көптөгөн шаарларында да митинг-демонстрациялар болуп өттү, Ыстамбулдагы митинг мыйзам бузуулар менен аяктады, полиция бардыгы болуп 1-майда Түркияда 85 адамды камакка алды.

Беларустун борбору Минск шаарында өткөн жыйынга бир миңге жакын адам катышты, алар - камакка алынган оппозиция жетекчиси Александр Милинкевичтин бошотулушун талап кылды. Орусиянын жана башка мурдагы советтик жумурияттардын көптөгөн шаарларында да демонстрациялар болду, аларга негизинен коммунисттер жетекчилик кылды.

Алманиянын профсоюздары Берлин шаарында өткөн митингге миңдеген адамды алып чыкты жана алар - өкмөттүн социалдык жеңилдиктерди кыскартуу пландарына каршы чыкты.

Швециянын борбору Стокгольм шаарындагы митингдин катышуучулары дүкөндөрдүн терезелерин сындырууга киришкендиктен, полиция 130 адамды кармады.

Лондон шаарынын борборундагы Трафальгар аянтына дагы 1-май күнү миңдеген адам чыгып, пенсиялар менен жумуш орундарынын кыскартылышына каршы пикирин билдиришти.

1886-жылдын 1-май күнү АКШнын Чикаго шаарында ири иш таштоо башталган. Ага катышкандар жумуш күндүн 10-12 сааттан сегиз саатка чейин кыскартылышын талап кылган. Иш таштоо учурунда 3-май күнү полиция Чикагонун бир ишканасындагыларга кол салгандан эки жумушчу курман болгон. Ага каршылык билдирүү иретинде 4-май күнү шаардын борборунда ири митинг уюштурулуп, ага үч миң киши катышкан. Митинг өтүп жаткан мезгилде кимдир бирөө бомба жардырып жибергенден бир полициячы өлүп, дагы жетимиштей киши жараат алган. Полиция ок аткандан 11 адам өлүп, дагы эки жүздөй киши жарадар болгон.

Бомба коюуга тиешеси бар деп сегиз адам кармалган, кийин алардын жетөө өлүм жазасына кесилген. 11-ноябрда кесилгендердин төртөө дарга асылган, бирок кийинки тергөө көрсөткөндөй, кармалган сегиз адамдын биринин дагы бомбага тиешеси жок болуп чыккан.

Үч жылдан кийин, 1889-жылдын июлунда Париж шаарында Экинчи интернационал түзүлгөндө, Чикагодогу кыргында курман болгондорду жана кийин жазалангандарды эскерүү үчүн 1-май күнүн Жумушчулардын күнү катары белгилөө чечими кабыл алынган. АКШнын Социалисттик партиясы кийин 1-майды Жумушчулардын укугун коргоо күнү катары белгилеп келген, бирок акыркы жылдарда бул күн АКШда көп белгиленбей калды жана Жумушчулардын күнү катары сентябрдын биринчи дүйшөмбүсү белгиленет.

Париждеги чечимден кийин 1-май көпчүлүк европалык мамлекеттерде белгилене баштаган, Орусияда биринчи жолу ал 1891-жылы белгиленген жана кийин коммунисттик майрамга айланып кеткен.

XS
SM
MD
LG