Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

МАРАТ КАЙЫПОВ : ОППОЗИЦИЯ БИЙЛИКТИ АТАЙЫЛАП ИШТЕТПЕЙ ЖАТАТ


Кыргызстандын юстиция министри Марат Кайыповдун айтымында оппозиция жетекчилери Бакиев-Кулов тандеми менен курулган бийликти иштеткиси келбей жатышат. Алар атайылап кыска мөөнөттө аткарылбай турган талаптарды коюуда. Президент Курманбек Бакиев эгерде оппозициянын талаптарына көнсө, анда ал жанындагы ишеничтүү адамдарынан ажырап калышы ыктымал. Марат Кайыпов бул жөнүндө «Азаттыктын» бүгүнкү таңкы уктурууларына берген маегинде баса белгиледи.

-Бүгүн сизди аткаруу бийлигинин өкүлү катары, өкмөт мүчөсү катары төмөнкү маселе тууралуу сурайлы деп турабыз. Өзүн "Реформа үчүн" атаган кыймыл кийинки митингин ушул айдын соңуна белгилеп отурат. Анын айрым өкүлдөрүнүн айтымында, эгер өткөн митингде коюлган талаптар аткарыла баштабаса кийинки митинг мурдагыдан радикалык мүнөздөргө өтүп, президент менен премьер-министрдин отставкасы жөнүндөгү маселе күн тартибине чыга башташы мүмкүн. Сиз кандай деп эсептейсиз, эмне үчүн жаңы оппозиция өкүлдөрү президент менен аткаруу бийлигинен ушундай талаптарды коюп жатат?

- Оппозициянын жетекчилери азыркы президент менен премьер-министрдин тандеми менен келген бийликти иштеткиси келбей атат го дейм. Бул коюлган талаптарды карап көрө турган болсок, кээ бирлери бир ай эмне болуп калыптыр, бир жылда, ал тургай беш жылда аткарылбай турган талаптар. Ала турган болсок, коррупцияны жоюу дейт. Коррупцияны эң өнүккөн Америка дагы жоё албай жүрөт. Коррупцияны азайтып, анын көрүнүштөрүн басаңдатышы мүмкүн. Буга Курманбек Бакиев президенттикке коюп аткан учурда өзүнүн берген милдеттемеси бар. Ошол милдеттемесин аткарып келатат. Бул тез аранын ичинде эле болуп кетүүчү нерсе эмес.

Башка талаптарын алып көрсөк дагы, мамлекет башчысы ал талаптардан баш тарткан эмес. Ал талаптарды кезек-кезек менен аткарууга жол салып койгон. Менин оюмча, атайлап эле кыска мөөнөттө аткарылбай турган талаптарды коюп, оппозициянын жетекчилери азыркы бийликти коркутуп, иштеткиси келбей жатат деген тыянакка келип жатам.

- Ошентсе да кандайдыр бир кадамдарды жасоо мүмкүнбү?

- Бийлик аркылуу элдин ишеничине ээ болуп Кыргыз Республикасынын президенти беш жылга шайлангандан кийин ошонун негизинде азыркы өкмөт толук кандуу Жогорку Кеңештин макулдугун алып, дайындалып, алты айдан бери иштеп атканыбыздан кийин элдин ишеничин акташ үчүн чечкиндүү кадамдарга барсак болот го деп ойлойм.

- Ошол чечкиндүү кадамдар кайсылар болушу мүмкүн, мисалы?

- Мен азыр айталбаймын кайсылар болушу мүмкүн деп, бирок мамлекет башчысы бул өлкөнүн президенти катары кадамдарды тандап көрөт. Мисал үчүн коррупцияга каршы күрөш деген талаптардын ичинен президент мүмкүн Жарлык чыгарып, иш демилгесин алып, мыйзамчыларды бөлүп, себеби мыйзамчыларыбыз ушул убака чейин көп мыйзамдарды кабыл албай келатат, көп маселелерди өзүнүн демилгесине алып туруп чечиши мүмкүн.

Мен Адилет министрлигинин тармагына тиешелүү президенттин демилгеси менен кирген мыйзам долбоорун ала турган болсом, атууга кесүүдөн баш тартуу деген саясатты ушул убака чейин биздин мыйзамчылар колдобой келатат. Бул мыйзам ушул убакка чейин кабыл алына элек, бир жылга жакындап калды. Андан тышкары революциянын бир жылдыгына мунапыс боюнча мыйзам долбоорун киргизгенбиз, ушул убака чейин мыйзамчылардын кароосунда боло элек. Балдар кодексинин долбоору берилген, бул да ушул убака чейин карала элек. Башка министрликтерден да мен сурап көрсөм дээрлик биздин мыйзамчыларыбыз көп мыйзам долбоорун министрликтерге колдоп кабыл алып берген эмес, бюджеттен башкасын. Демек, биздин азыркы өкмөт мындай мыйзам чыгаруу бийлигинен колдоо ала албай турган болсок, биз реформаны так жана чечкиндүү алып кете албай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан кээ бир маселелерди президент өз демилгеси менен чече башташы ыктымал.

- Коюлуп жаткан талаптардын бири жогорку бийлик эшелондо отурган белгилүү адамдардын отставкага кетиши тууралуу болуп жатат. Ошолордун өз эрки менен кызматтан чегинүүсү абалдын жеңилдешине жардам берет беле?

- Мен ойлойм баары бир жардам бербейт. Мына бүгүн президенттин жанында жүрүп иштеп жаткан кээ бир кишилерди отставкага кетсин деп атабы, эртең буларды кетиргенден кийин башка дагы кишилердин тизмеси коюлат. Бул боло турган иш. Мындайча айтканда, бул талаптар президенттин иштеп жаткан, саясатын аткарып жаткан кишилерди кетирип, аны жакын ишеничтүү кишилер менен алыстатмак деп ойлойм.

- Демек сиздин көз карашыңызда соңку бир ай ичинде орун алып жаткан окуялар өлкөдөгү бийлик талашуунун эле элементиби?

- Менин оюмча бул коркутуу болуп атат. Анан бийликти иштеткиси келбей элдерди алып чыгып атышат. Дегеле оппозициянын жетекчилерине мен айтып кетер элем, элдерди алып чыгуу бул эң акыркы кадам, андан көп шарттары, мүмкүнчүлүктөрү бар булардын, ошолорду колдонушса болмок.

Тектеш

XS
SM
MD
LG