Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

КОРРУПЦИЯГА, КРИМИНАЛГА КАРШЫ МИТИНГ,ӨЗӨКТӨГҮ ӨРТ


2-майда өлкөнүн негизги маалымат каражаттары 29- апрелдеги митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

2-майдагы “Агым” гезити “Кыргыз туулгандан өлгөнчө күтүп жашайт” деген баш сөз менен чыкты. “Агымдын” бул санында 29-апрелдеги Бишкектин Алатоо аянтындагы “Реформа үчүн” элдик кымылы өткөргөн митинг тууралуу кеңири маектер, ой- пикирлер жарыяланды.

Ушул гезитке берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев "Эмкиде 27-майда эл мындан көп болот" деп митинг жөнүндө айтуу менен «Президент Бакиевдин ошол миңдеген адамдардын алдына келип, "бул айтылып аткан талаптар сокур саясатчылардын кылганы..." деп кеткени сиз үчүн күтүүсүз болдубу?” деген кабарчы Жеңишбек Эдигеевдин суроосуна мындай деп жооп узаткан.

«-Ооба, мен үчүн бул күтүүсүз болду. Бул бүгүн президент, конкреттүү чечимдерди кабыл алып, бүгүнкү кырдаалды реалдуу түшүнүүдөн, конкреттүү чечимдерди кабыл алгандан алыс экенин жана өзү аларды жеткиликтүү түшүнө албаганын көргөзүп кетти. Жаанга карабай ошол жерде турган он миңден ашык адамды "Силер колдогон саясат бул - сокур саясатчылардын оюу" деп айтыштын өзү өзүнүн чоң катачылыгы. Бирок президент мындан ары мындай массадан митингден кийин жаңылыштыгын оңдогонго киришет деп ойлойм» деп жооп берген Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

2-майдагы «Агымда» Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин "Бийлик май баскан көзүн ачсын!" деген маегине да орун берилди.

Анда бүгүн бийликтен дээрлик коомчулуктун ишеними тайып, көңүл калуу күчөп баратканын, акыйкат, адилеттик тебеленген заманда карапайым калк жалгыз оппозицияны бел тутуп, ага ишеним артып турганын, президенттин каталыктарын жана 27- майда боло турган митингдин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылып берген.

«-Бийлик бизди канчалык шыбап, каралаганы менен митинг абдан уюшкандыкта, жогорку деңгээлде өттү. Мына ушундан кийин дүйнөлүк коомчулуктун кыргыздарга жылуу пикири пайда болду. Митинг марадерлукта эмес, маданияттуу алкакта өткөндүгү үчүн! Ошондуктан, тынч митинг Кыргызстандын жакшы сапаттарын, демократиялык өлкө экендигин көрсөттү. Кыскасы, элибиздин аң-сезими өнүккөнү далилденди. Эми мен ойлоп турам, мындан кийин бийлик, КТР деле элди шыбаганды токтотот го. Токтотпосо өздөрүнө кыйын...» дейт Алмаз Атамбаев.

29-апрелде өткөн митинг тынчтык менен жогорку деңгээлде өткөнүн, өкмөттүк маалымат каражаттары элди абдан коркутуп, үркүткөнүнө жана нөшөрлөгөн жамгырга карабай эл көп келгенин, митинг максатына жеткенин, оппозиция сокур эмес, бийлик эч нерсени көрбөй өзү сокур болуп турганын Жогорку Кеңешитн депутаты Темир Сариев “Агым” гезити аркылуу белгилеп, өз пикирин ортого салган.

2-майдагы “Агым” гезити аркылуу 29-апрелдеги Бишкектеги Алатоо аянтындагы митинг тууралуу “бийликке чындап сес көрсөттү” деген пикирин билдирген президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун.

“Оппозиция тараптан Болот Шерниязов митингдин коопсуздугун жогорку деңгээлде көзөмөл кыла алды. Ички иштер министри да чоң даярдыгын көргөзө алды. Эгерде коюлган талаптар чечилүү жолуна түшсө, бул 27-майдагы митинг болбой калышы да ыктымал. Учурда бийлик-оппозиция ортосунда пикир келишүүнү биз аркалап, жаңы концепцияны иштей баштадык. Президент жанагы “сокур” деген сөздү айтпашы керек эле. Эми эмоция деминде айтылып кетти. Түшүнүп коёлучу деп жооп берген “Агым” гезитинин кабарчысы Асланбек Сартбаевге Турсунбек Акун.

Президент Курманбек Бакиевдин Орусияга жасаган сапары бир жумадан бери маалымат каражаттары тарыхый окуя катары көбүртүп сыпаттап жатканын “Агым” гезити талдоодо алып, бирок коомчулукка көшөгө артындагы көрүнбөгөн жагдайларды баяндайт.

“Кызматташуу жөнүндө жалпы пикирлер айтылган соң, Владимир Путин үч суроону Курманбек Бакиевге кабыргасынан коюптур. Алар төмөнкү суроо-талаптар: Криминал парламентке келбесин. Феликс Кулов менен тандемиңер бузулбасын. Уулуңуз Максимдин бизнеси орусиялык ишкерлерге тоскоол болбосун? Бирок Курманбек Бакиев бул суроолорго эмне деп жооп бергени бизге белгисиз” деп жазат 2-майдагы “Агым” гезити. Бирок, алар мындай маалыматты кайсыл булактан алганын жазышкан эмес.

2-майда “Адабий гезит” жарык көрду. Мында өлкөдөгү көрнөк-жарнак маселелери тууралуу пикирлер, кыргыз тили, драматургия жөнүндө ойлор, сунуштар жарыяланды.

Ушул “Адабий гезит” аркылуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин профессору Жумакадыр Дүйшеев Кыргыз эл жазуучусу Казак Акматовдун “Архат” аттуу жаңы романы тууралуу пикирин билдирген. Бул романдын жаңычылыгын, ички сезимди козгой турган эмоциялуу окуялардын курчтугун айткан.

Ошондой эле “Адабий гезит” аркылуу кыргыз жазуучуларынын китептери, анын өтүмдүүлүгүнүн начарлыгын, жаңы муундагы жазуучулар, учур талабы, котормо китептердин аздыгы тууралуу сатирик жазуучу Орозбек Бөрүгулов өз ойлорун ортого салган.

2-майда коомдук-маданий басылма “Сахна шоу” гезитинин жаңы саны да чыкты. Мында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драм театрынын дииректору Айгүл Умуралиева “Көрүүчүлөрдүн эстетикалык табитин калыптандыруу эң башкы максат” экенин айткан. Өнөрдүн баасы, баркы тууралуу маданий ишмерлердин ой-пикирлери “Сахна шоу” гезитине жарыяланды.
XS
SM
MD
LG