Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

3-МАЙДА ДҮЙНӨДӨ БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 3-майда дүйнөдө Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленет. Анын алдында ар башка эл аралык уюмдар ар башка отчет жарыялаганы салтка айланган.

Нью-Йорк шаарындагы "Фридом хауз" уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги тууралуу кезектеги отчет жарыялады. Париж шаарындагы "Чек арасыз репортерлор" жарыялаган маалыматка караганда, 2005-жылы дүйнөдө 63 журналист өлтүрүлдү жана бул көрсөткүч боюнча өткөн жыл акыркы он жылдыктагы эң катаал жыл болду.

3-майдын алдында Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети да дайым бир отчет чыгарат. Былтыр алардын отчету - журналисттер үчүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу он мамлекетке арналган. Быйыл болсо комитет - эң күчтүү цензура орноткон он мамлекеттин тизмесин жарыялады.

Биринчи орунда Түндүк Корея, анын артында Мианма, Түркмөнстан, Экваториалдык Гвинея, Ливия, Эритрея, Куба, Өзбекстан, Сирия жана Беларус жайгашкан. Комитеттин аткаруучу деректири Энн Купер кечээ күнү "Азаттыктын" кабарчысы Эндрю Талли менен маектешкенде, бул он мамлекеттин үчөө мурдагы советтик жумурияттар экенин белгилеп, Беларустагы азыркы тартипти советтик бойдон калган деп мүнөздөдү. Расми түрдө Беларуста цензурага тыюу салынган, бирок чындыгында эркиндик жок.

Өзбекстанда болсо былтыр алты журналист камакка алынды, башка бир да мурдагы советтик жумуриятта андай болгон эмес. Бирок эң негизгиси - анча-мынча чындык тууралуу айта алган журналисттин баары Анжиян окуяларынан кийинки былтыркы куугунтуктоолордун айынан чет мамлекеттерге чыгып кетүүгө аргасыз болгону. Түркмөнстанда болсо эч ким өлкөдөгү абал тууралуу эч кандай пикирди ачык айта албайт.

Бирок Энн Купердин айтымында, кара тизмеге ушул гана үч мурдагы советтик жумурият киргенин - башка кошуна өлкөлөрдөгү абал алда канча жакшы деп түшүнбөш керек жана жыл өткөн сайын жалпы абал начарлап баратат деп айтса болот: "Тилекке каршы, 1991-жылы СССР чачырагандан кийинки абалды караштырып көрсөк, башында алда канча кеңири сөз эркиндиги болгон, акыркы жылдарда болсо көпчүлүк мурдагы советтик жумурияттарда ал эркиндик улам кыскарып баратат", - дейт Купер.

Эң негизги маселе, Купердин айтымында, мындай чектелүү эркиндикте жашаган эл эркиндик эмне экенин билбегенинде. Бийлик аларга өзү керектүү деп эсептеген гана маалыматты берет жана Түндүк Кореянын эли, мисал үчүн, өлкө ачарчылыкта жашап жатканы тууралуу эч кабардар эмес.
XS
SM
MD
LG