Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

ОРУСИЯДАГЫ БАСМА СӨЗДҮН АБАЛЫ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРА БАШТАДЫ


Төрөкул Дооров, Москва. Бүгүн дүйнөдө эркин басма сөз күнү белгиленет. Аны утурлай жалпы дүйнө боюнча сөз эркиндигинин абалын изилдеп турган эларалык «Freedom House» уюму 2006-жылга карата отчетун жарыялады. Докладда айтылгандай, КМШ мамлекеттеринин ичинен 10 өлкөдөгү басма сөзгө «эркин эмес» деген макам берилди. Булардын ичинде Орусия да бар.

Кремль көзөмөлүндө турган орусиялык 1-канал, РТР сыналгы каналдарын жана мамлекеттик көзөмөлдөгү «Газпром» энергетикалык компаниясынын НТВ каналын карап олтуруп, көпчүлүк «Орусияда көз карандысыз телекөрсөтүүнүн доору аяктаганына» кайгырышат. Бирок аларды жок дегенде айрым гезит-журналдардын эркин көз-караштагы иши бир аз сооротуп келген болчу. Соңку мезгилдерде басылмаларга да «күзөт башталганы» байкалууда.

2005-жылдын башында «Известия» гезити мурдагы калыбын өзгөртүп, бир топ жандуу басылмага айланды. Ошол эле жылдын июнунда аны «Газпром-Медия» көзөмөлгө ала баштады.

Маша Гессен – көз карандысыз журналист. Бир убактарда «Газпром-Медияга» караган «Итоги» журналында иштегени белгилүү. «Итоги» басылмасы бир топ өзгөрдү, - дейт Маша. – Бирок жакшы жакка эмес».

- Гезиттин редакциялык жана кадрдык саясатында бир топ эле өзгөрүүлөр болду. Бул азыр такыр башка гезит. Ал, кудум, мурдагы жүзүн жоготуп, эми жаңысын таба электей. Басылма азыр Кремлге ылайыктуу тынч, расмий форматтагы «Комсомольская правдага» окшошуп баратат. Айтмакчы, аны да «Известияны» башкарган киши көзөмөлдөп турат, - дейт журналист Маша Гессен.

«Бул өзгөрүүлөрдүн баарында саясий өңүт бар» деп ишенет ал.

- Кремль азыр электрондук маалымат каражаттарын толук көзөмөлгө ала алды. Алдыда, 2008-жылы, Орусияда президенттик шайлоо болот. Ошондуктан, Кремль эми гезит-журналдарды да өзүнө баш ийдирип алышы зарылдыгын түшүнүп жатат. Акыркы мезгилдерде бул аракет күчөгөндүгү да шайлоо мезгили жакындап калганы менен байланыштуу.

Олег Панфилов – Москвадагы Экстремалдык журналистика борборунун директору. Ал дагы «Кремль шайлоого кам көрүп жатат» деген ойго кошула тургандыгын айтат, бирок, ошол эле учурда, «Газпром» кайра медиа-базарга кирүүдөн бир аз оолактап турат деп эсептейт. Анын айтымында, буга саясий себептер бар.

- Бийлик, бир чети, өзүнө баш ийген маалымат каражатына ээ болууну каалап, ошол эле маалда, Евробиримдик жана «Чоң сегиздикке» берген убадаларын аткарууга аракет кылышы «саясий оюн» деп ойлойм. Ошондуктан «сөз эркиндиги бар мамлекет» деген макам үчүн өлкөдө баары бир кичине көлөмдө көз карандысыз маалымат булактары кала берет. Бирок алар жалпы коом пикирин аныктоодо эч кандай деле роль ойной алышпайт, - дейт Москвадагы Экстремалдык журналистика борборунун директору Олег Панфилов.

Дүйнөдө сөз эркиндигинин абалын изилдеп турган «Freedom House» уюмунун өкүлү Кристофер Уолкердин айтымында, уюмдун быйылкы докладында жалпы КМШ боюнча эки мамлекеттеги абал «өтө оор» деп көрсөтүлдү. Алар: Өзбекстан жана Орусия.

Докладда «Сөз эркиндиги жаатында жакшы жылыштар болгон» эки гана мамлекеттин аты аталды. Булар – Украина жана Кыргызстан. Анткен менен Кыргызстан азырга чейин "басма сөзү эркин эмес" деген жумурияттардын катарында кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG