Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

ТҮНДҮК КАВКАЗДА СОГУШЧАНДАР МЕНЕН КАРМАШУУ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 1-майда Ингушетия парламентинин депутаты, ал жумурият президентинин кайнатасы Магомед Чахкиев барымтадан бошотулган. Андан эки күн мурда Чеченстан өкүмөт башчысы Рамзан Кадыров башкарып келаткан атайын түзүлүш таркатылганы дайын болду. Ушунун баары Түндүк Кавказдагы жагдайдын оор экенинен кабар берет. Ал аймакта киши уурдоо, арам акча чайкоо, паракорчулук менен кылмыштуулуктун күчөгөнүн айтышууда. Анын башкы себеби катары федералдык күчтүн ал аймакта калып атышы дешет.

Орусиялык коомчулукту кулак түргүзгөн маалымат 29- апрелде Чеченстан жумуриятынын өкүмөт башчысы Рамзан Кадыровдун кол алдындагы тандалган жоокерлер тобун жоюу болду. Анализчилер айтканга караганда «кадыровчулар» деген топтун эсеби бештен он миңге жетчү дешет. «Московский Комсомолец» жазганга караганда «Кадыровдун тандалган колунан Чеченстанда коркпогон киши жок эле, андан ал тургай федералдык аскерлер да коркушчу. Ага таянган Рамзан жумуриятта бардык ишти, анын арасында акча каражатынын кайда агарын көзөмөлдөп келген». Ага дейре, баса, Рамзан Кадыров Чеченстан президенти Алу Алханов кебин тоотпой калганын айтып калышчу. Жумурияттагы мындай жагдайды Маскөө да көрмөксөнгө салып келе жаткан. Бирок ал эки тараптын тымызын тирешүүсү 25-апрелде кармаш менен аяктаганын биздин кабарчы Муса Хасанов билдирди:

«Грозныйдын эски өнөржайлык районунда шейшембиде жумурият президенти Алу Алхановду кайтаруучулар менен өкүмөт башчы Рамзан Кадыровдун кызматчылары мушташа кетти», - деп айтты «Азаттыктын» Чеченстандагы кабарчысы.

Арадан эки күн өтпөй кадыровчуларды таркатуу болгону маалымдалды.Басылмалар «Кадыровдун жеке өзүнө баш ийген күчтү Кремль таркатуу менен анын тизгинин какты. Кантсе да Маскөө мындан ары ишенимди Алхановго көргөзүүнү самайт», деп жазышты.

Адам укугун коргоочу уюмдар «кадыровчуларга» алар адамдарды барымтага алып кыйнашат, жашырын зынданы бар, кармоодо жаткандарды сурактан кийин көзүн тазалап салышат, деген кине коюп келатышкан.

Маркум Ахмад Кадыров 2000-жылы март айында Чеченстандын башчысы болуп дайындалганда ал уулу Рамзанды коопсуздук кызматтын жетекчиси кылган. Кыска мөөнөт өтпөй анын тандалган кызматкерлери маскөөлүк бийликтин таламын талашкан чыгаан күчкө айланышкан эле. Алардан Чеченстанда эл коркушуп ошол эле учурда тартип орнотту деп сыйлап да турушаарын айтышчу.

Мына ошол аскерий түзүлүштүн таркатылышын кай бир анализчилер кантсе да Кремль ал жумуриятта акыры көзгө илинбеген согушту тыйып, калкты мыйзам жолуна салгысы келгенден улам болуп аткан иш дешет. А кай бир сынчылар ушул жылдын октябринде Рамзан 30га толот ошондо аны президенттикке көргөзүш үчүн даярдык болуп жатат деп да айтышат.
Чеченстанда бардыгы жайында экенин Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жылдын башында журналисттер алдында айткан болуучу.

«Чеченстан жумурияты толук бойдон Орусия федерациясынын негизги мыйзам алкагына кайтып келди», - деген эле Владимир Путин.

Саясий төбөлдөр арасында «Эгерде Чеченстан орусиянын бир субъектиси экен, анда ал жумуриятта жарандар согушу жүрүп атат», деген пикир жүрөт. Бүткүлкавказ элдеринин конгрессине мүчө Руслан Кутаевдин айтканына караганда согуштук жагдай Дагстан, Чеченстан, Ингушетия, Кабарда-Балкар, Карачай-Черкес, Түндүк Осетияда бар. Ал жумурияттарда федералдык бюджеттен сөгүлгөн кандай гана каражат болбосун аны кайра Маскөөгө чыгарып кетүү болуп турарын такташканын да айтат.

Маскөө акырындап Кавказды колунан чыгарып ийди эми бул маселени эл аралык коом гана чечиши керек.

«Түндүк Кавказдагы бүгүнкү күндөгү маселелер эл аралык деңгээлде талкууга алынуучу маселелерге айланып калды»,- дейт коомдук ишмер Кутаев мырза.

Сүрөттө : Чеченстан республикасынын өкүмөт башчысы Рамзан Кадыров. Анын кол алдында өзүнүн тандалма жоокерлер тобу болгон.

XS
SM
MD
LG