Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

АМСТЕРДАМ- ПЕКИН АВТОРАЛЛИСИ КЫРГЫЗСТАНДЫ АРАЛАЙТ


Ушул жылдын 29-июлунда Бишкек шаарынын тургундары Амстердам-Пекин автораллисинин жүрүшүнө күбө боло алышат.

Голландиянын борбору Амстердам шаарынан башталган авторалли Европа жана Азия континентиндеге 14 өлкөнүн аймагын тепчип өтүп, Kытайдын баш калаасы Пекинде жыйынтыкталат. Бул авто жарышка өткөн кылымдын 30-40 жылдары чыккан эски үлгүдөгү 100 автоунаа катышат. Аларды айдаган айдоочуларды жана автокербенди тейлөөчүлөрдү, коштоочуларды кошкондо 300дөн мейманды Бишкек шаары 29- июлда кабыл алат. Бир күн өргүү кылган автожарыштын катышуучулары эртеси 30-июлда Алматынын көздөй багыт алышат.

Ушул автораллиге үч жылдай даярдык көрүп, баарын ийне- жибине чейин иликтеп чыккан жарыштын демилгечиси Жан Вермер бул автожарышка катышууну каалагандар өтө арбын болгонун, ар бири 40 миң доллар мүчөлүк акы төлөгөнүн, алардын арасында 22 аял айдоочулар бардыгын айтып, коопсуздукка өзгөчө көңүл буруунун жана чек арадан текшерүүлөрдү тез, ыкчам бүткөрүүнү өтүндү.

- Бишкекте эл аралык Амстердам- Пекин автожарышынын Кыргыз жергеси аркылуу өтүшү өлкөнү дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул автожарыштын Кыргызстан аркылуу өтүшүнө жардам берүү үчүн “Кыргыз концепт” компаниясын тандап алдык. Алар бул иш-чарага өкмөттүк деңгээлде колдоо көрсөтүп, чек ара, бажы жана башка текшерүүлөрдү тез бүткөрүүгө көмөк берет деп ишенибиз,-деди Жан Вермер.

Амстердам- Пекин автожарышынын кыргыз жергеси аркылуу өтүшү, өлкөнү дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөөрүн, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, кыргыз салт-санаасын, маданиятын көрсөтүүгө ыңгайлуу жагдай экенин ”Кыргыз концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев белгиледи:

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Ысыккөл, асман тиреген тоолорубуз, тарыхый эстелик, мурасттар тууралуу толук маалымат бере албай келебиз. Ошондуктан реклама, маркетинг кызматын колго алуунун бир ыңгайы, мүмкүнчүлүгү ушул Эл аралык Амстердам- Пекин автораллисинин Кыргызстан аркылуу өтүшү болуп турат. Ушул авто жарыштын катышуучуларын Бишкекте тосуп алып, элибиздин меймандостугун көрсөтүп, улуттук ыр- бий тартуулап, Кыргызстанды таанытууга өбөлгө болмокчу. Кыргызстандын аймагына келген авто жарыштын катышуучуларын чек арадан бажы жана башка кызматтары тез, ыкчам өткөрүүгө, аларга тоскоол болбоого аракет кылышыбыз зарыл. Бул үчүн бардык керектүү документтерди күн мурун дайындап беребиз,-деди Эмил Үмөталиев.

Жериликтүү журналисттер автожарыштын катышуучуларын Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан тосуп алып, кайра кайтып кеткенчи коштоп жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле өлкөнүн тургундары эски үлгүдөгү авто унааларды көрүү жана таанышуу ыңгайы да түзүлмөкчү. Ушул Амстердам-Пекин автожарышына Жапониянын «Хонда» автокомпаниясы жана Кытай телекомпаниялары демөөрчү болуууда. Бул автораллинин жүрүшү «Дискаври» телеканалы аркылуу дүйнө жүзүнө чагылдырылып турмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG