Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ : ПАРЛАМЕНТ ДАЙЫМА ӨКМӨТКӨ ОППОЗИЦИЯДА ТУРУШ КЕРЕК


Өкмөт мүчөлөрүнүн ишке ашпай калган отставкасы, андан кийин Президенттин Парламентке кардиналдуу чараларды көрө тургандыгы жөнүндө эскертүүсү элдин көнүлүн алаксыткан пиар кампанияга окшошуп турат, деп билдирди парламент депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн «Азаттыктын» таңкы уктурууларына чыгып сүйлөгөн сөзүндө. Анын айтымында, министрлердин ишине баа берүү жөнүндө маселени өкмөтчүл депутаттар көтөрүп чыгышкан.

-Кыргызстан калкы кечээ кабардар болгон жаңылык - өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү отставкага кетүү тууралуу Президентке арыз беришти, бирок алардын арызын президент кабыл албады. Министрлер мындай демилге менен чыгышын парламент өткөн аптадагы укуктук жактан ылайыксыз чечим кабыл алгандыгына байланыштырышты. Биздин ар-намысыбыз кызматтан өйдө турат деген ой айтылат экен алардын билдирүүсүндө. Сиз кандай деп эсептейсиз, өкмөт мүчөлөрү отставкага кетүү жөнүндө чын ниет менен чыгыштыбы, же бул коомдук пикир үчүн жасалган үгүт, пиар иретиндеги эле кадамбы?

- Бул башынан эле түзүлгөн чоң сценарий болуш керек. Өкмөттүн ар бир мүчөсүнө баа беребиз деген маселе өкмөтчүл депутаттардын демилгеси менен көтөрүлгөн. Кээде биз парламент тараптан ушундай шашылыш чечимдерди кабыл алып калабыз. Биринчиден, бул күн тартибине кирген эмес. Экинчиден, өкмөттүн жылдык отчету бир жыл өткөндөн кийин угулуш керек. Конституциянын 71-статьясына ылайык өкмөттүн үчтөн экиси ант бергенден кийин гана өкмөт түзүлдү болуп эсептелет да. Ал эми биздин өкмөт үчтөн экиси ант берген учур бул өткөн жылдын октябры. Демек быйылкы жылдын октябрында гана жылдык отчетту угушубуз керек. Себеби ноябрь, декабрда иштеген өкмөттүн кайсы отчетун талап кыла алабыз.

Үчүнчүдөн, дүйнөлүк практикада жок ар биринин ишине өзүнчө баа берген. Мейли баа берели дейли, анда ар бир министрдин отчетун комитеттерде карап, анан ар бир министр Жогорку Кеңештин сессиясында отчет берсин, комитеттер ошого баа берсин, ошол өткөн жылы өкмөт бюджеттик мыйзамды кандай аткарды, муну эсептөө палатасы карап чыксын. Ушунун баарын талкуулабай туруп эле, кандайдыр бир саясий күчтөр ушуга кызыкдар болду. Мен сессияда чыгып айттым, Конституция бузулуп жатат деп эскерттим, бирок төрага болбой бузулса бузула берсин деди. Анан мен протест катары добуш берүүдөн баш тарттым.

- Демек, сиз укуктук жагы туура эмес деген дооматтарга кошуласыз?

- Ошону мен эң биринчи сессияда эле айтып чыккам, бул Конституцияга да, регламентке да каршы келет, дегеле логикага да каршы келет деп. Өткөн жылы эки ай иштеген өкмөттөн биз кантип отчетту талап кыла алабыз, ошого баа бере алабыз.

- Каныбек мырза, жанагыдай шашылыш чечимдер депутаттык корпустагы жеке кызыкчылардын натыйжасында чыгып кетип жаткан жокпу? Кыргыздын менталитетине мүнөздүү көрүнүштөр бар эмеспи, мисалы, ушул министр бизди тоготпой кетти, сөз укпай калды дегендей факторлордун таасири астында да кабыл алынып жаткан жокпу?

- Бизде өкмөт менен конструктивдүү иштөөнүн формасы иштелип чыга элек. Мисалы, кээде премьер-министрдин отчету болот, премьер-министрдин күнү деп коюп бир жума отчет алып жатып алабыз. Мындай суроолорду беребиз, мисалы, менин округуман баланчанчы көпүрө курулган жок дегендей. Анын баарын бериш керек, бирок депутаттын колунда мүмкүнчүлүк, укук көп, министрге кат жазып, өз жолу менен андан жооп алса болот да.

Министрлер дагы кээде парламенттин чечимдерине кайдыгер караган учурлар болуп атат. Чынында эле парламент өкмөттү иштетпей атат деген сөз туура. Себеби мунун башы конституциялык реформа менен ачылбайт. Эгерде көп партиялуулук болгондо партия жеңил чыгып, анын жарымы парламентте, жарымы өкмөттө отурмак, бир багыттуу иш болот эле. Эми азыркы өкмөт кайсы саясий күчтүн өкүлдөрү экенин эч ким билбейт, өзүнчө эле саясий мозаика, арасында коммунист да, социалист да, реформатору да жүрөт.

- Президент Курманбек Бакиев кечээ өкмөт менен жолугушууда парламент менен өкмөттүн ортосунда жеңүүгө мүмкүн эмес карама-каршылыктар болгон шартта парламентке карата кардиналдуу чараларга барууга мажбур болорун билдиргени жөнүндө Президенттин басма сөз кызматынан маалымат тарады. Сиз депутат катары парламент менен өкмөттүн ортосундагы конфронтация бар, депутаттар өкмөт менен кызматташуу үчүн соодалашат деген ырастоолордун жүйөсү бар деп эсептейсизби?

- Биринчиден, улам эле парламентти таркатабыз деп коркута бербеш керек. Коркута бергендиги үчүн кудурети кетип калды. Парламентте көпчүлүк депутаттар андан коркпойт, себеби кайра шайлоо болсо кайра келет 60-70 пайызы. Бирок ошол Кыргызстандын экономикасы үчүн, саясат үчүн керекпи бүгүн. Саясий конфронтацияны өздөрү күчөтүп атпайбы. Парламент ар дайым өкмөткө оппозицияда туруш керек. Өкмөттү сындап, ишин көзөмөлдөп туруу бул биздин ишибиз. Аны конфронтация катары алып чыккандар бул конфронтацияны издегиси келгендер, муну искусство жолу менен жасап жаткандар.

Биз бул министр, же премьер-министр отставкага кетсин деп айткан жокпуз да. Чын көз караш болуш керек, бул демократиянын негизги критерийи. Жасалма жол менен конфронтация издөө - бул жөн эле 29-апрелдеги саясий окуялардан элдин көңүлүн алаксытуу, пиар сыяктуу көрүнүп турат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG