БИШКЕК. Бул тууралуу Азаттыктын кыргыз кызматы тышкы иштер министрлигине кат жолдоду. Мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын айтымында, кыргыз бийликтери Өзбекстан менен мамилени бузгусу келбегенден улам ушундай кадамга барып жатышы мүмкүн. Бишкектеги Ак үйдүн өкүлдөрү бул маселени териштирмекчи болуп жатышат. «Азаттыктын» Ташкендеги бөлүмүн өзбек бийлиги жаап койгонуна байланыштуу өзбек кызматынын кабарчылары ишин коңшу өлкөлөрдө улантууга аргасыз болушкан.
Тышкы иштер министрлиги «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчыларынын иштөө мөөнөтүн узартпай жатат