БИШКЕК. Курманбек Бакиев Конституция долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров менен бүгүнкү жолугушууда ушундай тапшырма берди. Сентябрда бул долбоорлор парламент кароосуна коюлууга тийиш жана алар алгач кыргыз тилинде жазылуусу зарыл. Азимбек Бекназаровдун айтымында, мамлекеттик башкаруунун үч ыкмасы боюнча тең долбоорлор даярдалат.