Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

АКМАТБАЕВ «КОМАНДАСЫ» МЕНЕН КАЙРАДАН СОТ СУРАГЫНДА


Аманбек Жапаров,Бишкек Бишкек шаардык соту бүгүн киши өлтүрүүгө байланышкан оор кылмыш жасаган делип шектелип жаткан Рысбек Акматбаев баштаган жети адамдын ишин кароону баштады.

Кылмыш дүйнөсүндө «авторитет» атыккан Рысбек Акматбаев соттун, прокурордун, адвокаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ага тагылган айыптар негизсиз экендигин, тартип коргоо кызматкерлери атайын аны каралоо максатында жалган күнөөлөрдү «мойнуна илгендигин» билдирди. Аны менен кылмышка шектүү делген алты жигит да аларга коюлуп жаткан айыптарды четке кагышты.

Бүгүнкү сот отурумунда кылмыш дүйнөсүндөгү «авторитет» Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбековдун, Таластын кримдүйнөсүнүн лидери делген Асылбек Бердикеевдин өлүмүнө байланыштуу иш каралды. Бул иш боюнча айыпкерлер кылмышка тиешелери жоктугун, алгачкы көрсөтмөлөрүн милиция кызматкерлеринин кысымынын негизинде жазышканын айтышты.

Бишкек шаардык соту бул ишти киши колдуу болуп өлгөн милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин туугандарынын апелляциялык арызы боюнча карап жатат.Бул ишти адегенде Бишкектин Биринчи май соту карап, далилдер жетишсиз деген негизде Акматбаев баштаган жети адамдан турган топту толук актаган чечим чыгарган. Ч. Алиевдин туугандары райондук сот чечимин акыйкат эмес деп талашып, шаардык соттон калыстык күтүп турушат.

Чыныбек Алиевдин бир тууган агасы Аскарбек Алиев денсоолугуна байланыштуу сот жараянына катышпагандыктан Алиев боюнча иш териштирилбей, сот бейшембиге жылдырылды.

Чыныбек Алиевдин бир тууган агасы Аскарбек Алиев өткөндө «Азаттык» үн алгысынын «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндөгү маегинде, инисинин өлүмүнө мурдагы бийликтеги милициянын жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар деген.

Мурдагы бийлик тарабынан кылмышка шектүү делип куугунтукталып, из жашырып жүргөн Рысбек Акматбаев өткөн жылы экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кепилдик бергендигине байланыштуу ачыкка чыккан.

Акматбаевге укук коргоо кызматы тарабынан Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевди, кылмыш дүйнөсүндөгү «авторитет» Азиз Батукаевдин күйөө баласы Хаважи Заурбековду, Таластын кылмыш дүйнөсүнүн лидери делген Асылбек Бердикеевди өлтүрткөн, кылмышкерлер тобун уюштурган деген шек менен кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG