Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

БШК төрагасына ишеним көрсөтпөө сунушу көтөрүлдү


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго ишеним көрсөтпөө демилгеси менен чыгышты. Мындай сунуш кечээги жыйында Туйгунаалы Абдраимов Куршаб шайлоо округуна комиссия жиберүү чечимин кабыл алгандыгы белгилүү болгондон кийин айтылды. БШКнын мүчөсү Жаркын Жолдошеванын айтымында, төрага комиссия мүчөлөрүнүн пикири менен эсептешпей, өз алдынча чечим кабыл алган учурлары көбөйдү.

XS
SM
MD
LG