Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

АНЖИЯН ОКУЯЛАРЫ ТУУРАЛУУ ӨЗБЕК ИЛИМПОЗУ МААЛЫМАТ ТАРАТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 2-май күнү Вашингтон шаарындагы Карнеги фондунун баш кеңсесинде өзбек илимпозу, Ташкендеги Чыгыш таануу институтунун кызматкери Бахтиëр Бобожонов чыгып сүйлөп, Өзбекстандагы "Акрамия" кыймылы жөнүндө жана аны негиздеген Акрам Юлдашев тууралуу айтып берди.

Өзбек бийлигинин айтымында, былтыр 13-майда Анжиян шаарында уюштурулган козголоңдун артында ушул "Акрамия" деген уюм, андан тышкары "Хизб ут-Тахрир" партиясы жана айрым чет мамлекеттердин коопсуздук кызматтары турган. Юлдашев өзү 1999-жылдан бери камакта, ага чейин ал 1997-жылы "Акрамия" уюмун түзгөн жана азыр дагы, расмий Ташкендин айтымында, уюмдун мүчөлөрү менен абактан жашыруун байланышып турат.

Бахтиëр Бобожоновдун Вашингтондо айтканына караганда, "Акрамия" уюму өтө коркунучтуу күч жана ал өзүнө Борбор Азияда исламдык халифат түзүү максатын койгон. Анжиян окуялары боюнча өкмөт тергөө уюштурганда, атайын түзүлгөн эксперттик топко Бобожонов мүчө болуп киргизилген жана тергөө учурунда Юлдашев менен абакта жолугушкан.

Бобожоновдун айтымында, Юлдашев жана анын жолдоочулары - кошуна Кыргызстандагыдай ыңкылап уюштуруп, Өзбекстандагы бийликти кулатууну көздөгөн: "Акрамия үчүн кошуна Кыргызстандагы окуялар кандайдыр бир үлгү болгон. Ал тууралуу мага Акрам Юлдашев өзү айткан. Анын оюнда, Өзбекстандагы абал өтө начар болгондуктан, ширеңке чакса эле кеңири өрт баштала тургандай болуп көрүнгөн ал кезде", - деди Бобожонов 2-майда Вашингтондо.

Андан тышкары Бобожонов видео дагы көрсөттү, анда - Анжияндагы тополоң башталаардын алдында борбордук аянтка чыккан адамдар тартылган. Алардын колунда курал болгон жана Бобожоновдун айтымында, алардын октору курман болгон адамдардын так чекесине тийген, жөнөкөй адамдар антип ата албайт.

Башка эксперттер болсо эң биринчи кезекте Бобожонов өкмөткө жакын окумуштуу экенин белгилеп жатат, ошондуктан ал өзбек өкмөтүнүн турумун гана жактайт. Орусиядагы "Мемориал" коомунун эксперти Виталий Пономаревдун айтымында, "Акрамия" уюмун түзгөнү үчүн Акрам Юлдашев алгачкы жолу 1998-жылы кармалып, эки жарым жылга кесилген, бирок бир жылга жетпей кайра боштондукка чыгарылган. Аны менен кошо кармалган жыйырмадай киши дагы бошотулган. Эгер уюм ушунчалык эле коркунучтуу болсо, бир кармалгандан кийин Юлдашев кайра эркиндикке чыгарылбайт болчу.

Кийин ал 1999-жылы Ташкенде болгон жардыруулардан кийин кармалган жана 17 жылга эркинен ажыратылууга кесилген.

XS
SM
MD
LG