Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

УКРАИНА ОРУС ДЕҢИЗ ФЛОТУНА ИЖАРА АКЫНЫ ОН ЭСЕГЕ КӨТӨРҮҮГӨ НИЕТТЕНҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан Севастополдогу согуштук базасынын ижаралык мөөнөтү 2017-жылы жазында бүтөт. Азыркы тушка дейре Москва ал базасы үчүн Киевге жылына 100 миллионго чукул акы төлөп келаткан. Анализчилер болжолунда жакында Украина бул акынын көлөмүн бери дегенде он эсеге көбөйтүү маселесин козгойт.

Кара деңиз флотунун маселелери боюнча орусиялык-украиналык кеңешме алдыңкы айдын (12-13 апрелде) ортосунда Севастополь шаарында өткөн. Ага эки мамлекеттин коргоо министрлеринин көптөгөн экспертери катышкан. Сегиз топко бөлүнгөн деңиз флотунун аскерий жетекчилери мурдагы СССРдин Карадеңиз жээгиндеги аскерий мүлкүн бөлүштүрүдө 11 маселе боюнча бир бүтүмгө келип таркашкан. Севастополдо орусиялык базанын калуусу боюнча тийешелүү протокол түзүшкөнүн айтышат.

Орусия өзүнүн Карадеңиздик флотун Украина жеринде жайгаштыруу боюнча 1997-жылы 28-майда келишим түзгөн. Ал кагаз арибине жараша Карадеңиз флоту Крым аймагында 2017-жылга дейре калышы керек. Бирок орусиялык тарап ал келишимди буза коюп атканын Киев айтат. Агенттиктер айтканга караганда, маселен, үстүдө жылдын 23-мартында орусиялык «Николай Фильченков» аталыштагы согуштук кеме түнүчүндө 142 деңиздик аскерди 28 оор куралы менен Темрүк калаасына (Краснодар крайына караштуу – ММ) жеткирген. Украинанын тышкы иштер министрлиги Маскөөгө нааразылык билдирме жазап, а орусиялык тарап кийин кечирим суроого аргасыз болгон дешет.

Кызык жери, Украинанын коргоо министри Александр Гриценко «Крымдагы орусиялык флоттун болушу Украинанын НАТОго өтүшүнө тоскоол эмес», деген кебинин эртеси ушундай окуя болуптур.

Президент Виктор Ющенко болсо жарым аралдагы окуяны «полковниктер менен майорлор келишимдин арибин сакташ керектигин түшүнбөй оюна келгенин жасагандан улам чыккан чыр. Орусиялык тарап бул жерде саясий көкүтүү жазабаганына мен ишенемин», деген.

Карадеңиз флотунун маселесине арналган кеңешүүдө ижара акы да козголгонун «Азаттыктын» кабарчысы Киевден билдирет. Бирок ага Кремль эч жооп айта элек экенин айтышат. Былтыр жыл этегинде чыккан газ чатагы боюнча быйылкы жылдын жакасында президент Владимир Путин кийин бычылган акынын төлөнүшүнө катуу басым жазады эле:

«Украиндик өнөктөштөрүбүз менен киреше менен чыгашанын тең салмакта болушу көңүлдөгүдөй болот дейм. Биз маакулдашкан баа менен акы алуу биз үчүн маанилүү», деген орусиялык лидер кезектеги журналисттер менен болгон жолугушуу маалында.

Украинанын куралдуу күчтөрүнө мурда башкы буйрук берүүчүсү болгон Владимир Бескаравайный газ сатууда орусиялык тарап рыноктук баа деп катуу соодалашты. Эми Киев рыноктук баа менен ижара акыны көтөрүшү керек дейт:«Бааны бычуудагы талашка Орусия катыша алат. А Украина андай бааны негиздеши зарыл. Газ боюнча соодалашуу кандай жүрсө Карадеңиз флоту боюнча да куду ошондой соодалашуу жүрүшү керек», дейт вице-адмирал.

Крымдын түштүк жээгине жайгашкан орусиялык согуштук база 20 миң чарчы чакырымга чукул жерди ээлейт экен.

XS
SM
MD
LG