Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

МУССАУИ БҮТ ӨМҮРҮН ТҮРМӨДӨ ӨТКӨРӨТ


2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяларга байланыштуу айыпталган Закария Муссауи бүт өмүрүн түрмөдө өткөрөт. Виргиния штатындагы Александрия шаарынын федералдык соту ага ушундай өкүм чыгарды. Прокурорлор Муссауиге өлүм жазасын талап кылышкан эле.

Өкүмдү журналисттерге соттун өкүлү окуп берди. Ага ылайык, Муссауи кайра бошонгус шартта өмүр бою түрмөгө кесилди.

Закария Муссауи – теги жагынан марокколук, Франциянын жараны. Сотто өзү моюнга алгандай, Муссауи самолеттордун бирин басып алып, аны Ак үйгө багыттоого “Ал-Каиданын” адыйы Усама бин Ладендин өзүнөн тапшырма алган экен. 11-сентябрдагы балааматтар маалында Муссауи түрмөдө эле. Аны 2001-жылдын августунда иммиграция мыйзамдарын бузганы үчүн капыстан кармап алышкан. Прокурорлор аны террорчулардын пландарын жакшы билген, бирок тергөө учурунда жалган айткан,муну менен аларга жардамдашкан деп айыпташкан жана ага өлүм жазасын талап кылышкан.

АКШнын мыйзамдарына ылайык,мындай өкүм үчүн соттогу жюрилердин текши колдоосу талап кылынат. Бирок тогуз эркектен жана үч аялдан турган жюринин мүчөлөрү кырк бир саатка созулган талаш-таңаштан соң Муссауи бүт өмүрүн түрмөдө өткөрсүн деген бүтүмгө токтолушту.

Адвокаттардын бири айткандай, жюри мүчөлөрү Муссауи террорчулардын пландары тууралуу толук кабардар болбогонун,анын бул иштеги үлүшү чоң эместигин эске алышса керек.Прокурорлордун өкүлү болсо Муссауинин жоопкерчилиги сотто тастыкталганын, анын күнөөсү айныксыз экенин билдирди.

11-сентябрдагы кыйраканда набыт кеткендердин жакындары менен туугандарынын көпчүлүгү өкүмгө эки анжы пикирде калышты. Алардын бири Муссауинин кылмышы ушуга татыктуу эле десе, экинчиси ал өлүм жазасын алышы керек болчу,бу жазадан аман калганына абдан өкүнөм деп билдирди. Парижде Муссауинин апасы Айша ал-Вафинин атынан анын адвокаты сот жюриси өлүм жазасын колдонуудан баш тартып, адилет өкүм чыгарганын белгиледи. Муссауи өзү болсо өкүм угузулган маалда кол чаап: “Америка,сен утулдуң! Мен уттум!” - деп кыйкырды.

Муссауи эми калган өмүрүн Колорадо штатында күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө өткөрөт. Соттогу кайчы сурактар маалында Муссауи “өмүрдө өктөө кылар эчтемеси жоктугун, 11-сентябрдагыдай окуялар күн сайын болуп турса деп каалай турганын” айткан эле.

XS
SM
MD
LG