Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

ОРУСИЯДА РАСИЗМ БИЙЛИККЕ БАШ ИЙБЕГЕН АБАЛГА ЖЕТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Лондондо олтуруму өткөн «Эл аралык мунапыс» адам укугун коргоочу уюму жаңы отчет жарыялады. Ал жерде жазылганга караганда Орусияда расалык маанайда киши өлтүрүү бийликке баш ийбеген деңгээлге жетип калган. Түсү славяндарга окшобогондорду кодулоо Орусияда ээ жаа бербей баратканын адам укугун коргоочу уюм өзгөчө белгилеген. Отчетто кыйла учурда милиция менен прокуратура скинхеддердин кол салууларын жаштардын шоктонуусу катары баалайт деп айтылган.

Бул ач кыйкырыктар Маскөөнүн туу көчөсү Тверскаядан жаңырып атат. Былтыр 4-ноябрде бийликтин уруксаты менен улутчул жаштар маршы өткөндө биринчи жолу жаңырган. А азыркы айкырык 2-май күнү Маскөөдө уруксаты жок демонстарцияга чыгышкан сексенге чукул боз баш балдардыкы.

Бейшембиде Улуу Британия баш калаасында жыйыны өткөн «Эл аралык мунапыс» («Amnesty International») уюму өлкөсүндө расизм жайылып баратканына көңүл бурбайт деп орусиялык бийликти сынга алган. Улутчул жаштардын түсү башка чет өлкөлүктөр менен саны жагынан аздык кылган этнос өкүлдөрүн өлтүрүү аябагандай тез-тез болуп калганын белгилеген.

Адам укугун коргоочу уюмдун башкы катчысы (Irene Khan )Ирена Хан «Орусияда расизм жайылышы ал өлкөнүн эл аралык алкактан алсам деген ордуна шайкеш келбейт», деген.

Анализчилер чөйрөсүнүн баамында, эл аралык мунапыс уюму Орусиянын үстүндө айдын башынан тартып Европалык Кеңешке төрагалык кылуусу натура болгон, антүүгө Орусияда моралдык укук жок эле. Июнь айында Санкт-Петербургда өткөнү жаткан Чоң сегизге да анын төрага болушу, баарыдан мурда, дүйнөдөгү өнөржайы өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин баркын түшүрүү болчудай.

Ошол эле уюмдун дагы бир өкүлү Лидия Аройо бул жылы отчетто расимдин кайнаган жери Орусия болгонуна бир себеп «бийликтин расизм менен тажабай, такай күрөшкүсү келбегендиги улам болгон, болбосо улутчулдук маселелер башка өлкөлөрдө деле бар»,- деген.

Орусиянын лидери болсо кийинки учурда улутчул жаштар кыймылын тыябыз убадасын берип келет:
«Биздин өлкөнүн саясий картасынан скинхэддер, фашисттик элементтер такыр жоголушу үчүн биз баардыгын жаcайбыз»,- деген эле Владимир Путин сыналгы аркалуу айткан пикиринде.

Кечээ «Азаттыктын» кабарчысы менен ой бөлүшкөн музыкалык сынчы Артемий Тройск улутчул жаштар дегинкиси колунда жоктор бүлөсүнөн чыгарын белгилейт: «Бул ашынган улутчул жаштар кыймылынын уюткусун артыкчылыгы жок - жумушчу дыйкан тукуму түзөт»,- деди Тройск мырза.

Коомчулукту катуу «ий!» дедирген 2004-жылкы февралда Питерде секелек тажик кызды боз баш балдар тараптан бычакталышы, октябрь айында ошол эле калаада Вьетнамдык студент Ву Ан Туанды 18 боз баш бала ортого алып бычактап өлтүрүшү, кеткен айдын башында түнүчүндө атып кеткен сенегалдык студент Лампсара Самбы ж.б. эске келет.

Жергиликтүү милиция менен прокуратура боз баш балдар кол салууларын ээнбаштык беренеси астында карап, улутчул жаштар чыгарына май тамызып жүрүшкөнү ким-кимге белгилүү.

«Сова» көзкарандысыз агенттиги билдиргенге караганда, азыркы тушта Орусияда 150дөн ашуун расисттик жаштар тобу бар. Аларды сары изине чөп салып иликтөөгө алуу боло элек. Анализчилер айтканга караганда бийлик аларды билет, бирок көрмөксөнгө салып жашырып жабат.

«Эмнести интернэшл» чыгарган докладда «2005-жылы улуттук касташуудан Орусияда бери дегенде 28 киши өлгөн жана расалык кол салуудан 366 киши жабыр тарткан».

XS
SM
MD
LG