Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

ШААР БИЙЛИГИ «ДАСТАН» ИШКАНАСЫНЫН ҮЙҮНӨ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭЭЛИК КЫЛГАН ЖАТАТ?


«Дастан» акционердик коомунун ээлигиндеги медициналык-дарылоо үйү үч жылдан бери талаштан башы чыкпай, сот чечими чыккан менен менчик ээсине кайтарылбай келатат. Кийинки жылдары бул ишке өкмөт өзү кийлигишип, талаштуу маселени чечүү аракетин жасоодо.

«Дастан» акционердик коомуна тиешелүү медициналык-дарылоо мекемеси ээлеп турган имаратты үйдөн кыйналган жаш адистерге убактылуу жатакана катары пайдаланууга биртоп министрликтер, мекемелер кайрылган. Каржылык кыйынчылыкка кабылган ишкана дарылоо үйүн муктаж болгондорго убактылуу жашап турууга ижарага берүүгө макул болгон.

- Биздин коомдо баары кедеринен кеткенин мурда билсем, мен мындай ишке бармак эмесмин. Башкача айтканда, 2000-жылы үйдөн абыдан кыйналгандарга жардам берүүнү өтүнгөн өзгөчө суранычтарды кыя албай биз ал үйдү ижарага бергенбиз. Бизден а кездеги шаар башчысы Б.Силаев, дагы биртоп адамдар өтүнүшкөн. Киргиздик. Баарын мыйзам негизинде жасадык.,- дейт «Дастандын» а кездеги жетекчиси Султан Табалдиев.

Үч жылдан бери созулуп келаткан Бишкектин Абай көчөсүндөгү 14-үйдүн чатагы узакка созуларын завод жетекчилиги учурунда ойлогон деле эмес. Баарынан таңкалыштуусу, жатакананын 4-кабатында жашагандардын өтүнүчүн колдоп Бишкек мэриясы 14-үйдү толугу менен менчиктештирүү тууралуу чечимин чыгарган. Бирок да «Дастан» акционердик коомунун каршылыгынан улам жатакананын төртүнчү кабаты гана ал жерде жашагандардын менчигине өтүп, үч кабаты заводдо калган. Кыйлага созулган соттук териштирүүлөр 14-үй «Дастанга» тиешелүү экенин ырастап, соңку чекитти Жогорку соттун өткөн жылдын күзүндө койгон.

- Бирөөнүн мүлкүнө кол салууну мамлекет өзү колдобогону менен мамлекеттик чиновниктер колдоп жатат. Мисалы, Бишкек шаар башчысынын биринчи орунбасары И.Клименко өкмөт башчы Ф.Куловдун буйругун аткарыш үчүн комиссия түзүп, чатактан башы арылбаган үйдү «Дастан» акционердик коомунун ээлигинен чыгарууну айтып отурат,- дейт «Дастан» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Станислав Сахарцев.

Жогорку сот чечими чыгып, талаштуу маселе мыйзамдык негизде чечилгенден кийин премьер-министр Ф.Кулов өткөн жылдын 18-ноябрында жаңы комиссия түзүп, муктаж болгондорго мыйзамдык негизде үй алып берүү тапшырмасын шаар башчылыгына жолдогон.

- Үйдөн чыккысы келбегендерди боорукер адамдар арызын көтөртүп президенттин кабыл алуусуна алып барышат. Президент иштин чоо-жайы менен жакшы тааныш эмес. Биз канча ирет жаздык. Бирок да президент менен премьер-министрге туура маалымат жетпейт. Алар буйрук беришет. Азыр «Дастандан» бир кынтык таап ушул үйдү кандай да болсо алыштын айласын издеп жатышат. Табышат, - дейт Султанбек Табалдиев.

- Дагы кандай комиссия болушу мүмкүн соттун соңку чечиминен кийин,- деп алaкан жаят «Дастан» акционердик коомунун укук бөлүмүнүн башчысы Асыл Сасыбаева.

- 1-кабат поликлиника, 2-кабат стационар, 3-кабат профилакторий. Ал жерде дарыланып жаткандар эс алышат. Жертөлөдө комплекстүү дарылоо жүргүзүлөт. Буларды биз эч кимге бербейбиз, - дейт жергиликтүү кеңештин төрайымы Надежда Плотникова.

«Дастан» акционердик коому Кыргызстандагы ушу тапта иштеп жаткан жападан-жалгыз машина куруу заводу. Өткөн жылы ишкана 700 миллион ашуун сомдук продукция чыгарды. Быйыл ишкана өндүрүш көлөмүн 1 миллиард сомго жеткирүү аракетинде.

XS
SM
MD
LG