Беларус президенти Александр Лукашенко кечээ күнү беш министрди кызматтан алды жана жаңы вице-премьер министрди дайындады. Кызматтан кубат, байланыш, курулуш, эмгек жана саламаттык сактоо министрлери алынды. Лукашенконун айтымында, өкмөттөгү өзгөрүүлөрдүн артында эч кандай саясий себептер жок.