Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:54

АКШ вице-президенти Астана шаарында дагы бир жолу Маскөөнү сынга алды


АКШнын вице-президенти Дик Чейни кечээ күнү Астана шаарынан сүйлөп, дагы бир жолу Маскөөнү сынга алды. Анын алдында, 4-май күнү ал Вильнюс шаарында өткөн бийик жолугушуу учурунда дагы Орусияны сындаган: "Орусияны биз эч кандай шартта душман деп эсептебейбиз, бирок Маскөө акыркы мезгилде айрым мамлекеттердеги демократиянын өнүгүшүнө кандайдыр бир ченемде каршы чыгып жатканы тууралуу өз тынчсыздануубузду билдиребиз, - деди Чейни Астанада. Орус маалымат каражаттары Чейнинин сөзүн - жаңы кансыз согуш баштоо деп баалады. Чейни казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады, бүгүн ал казак оппозициясынын өкүлдөрү менен жолугат.

XS
SM
MD
LG