Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири кызматтан чегинди


АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири Портер Госс кечээ күнү кызматынан чегинди, жумушка ал 2004-жылы дайындалган. Эмне үчүн кызматтан кетип жатканын Госс түшүндүргөн жок, президент Жорж Буш болсо Портер Госстун жумуштан кетишине макул болду, бирок анын ордуна ким дайындалаарын айткан жок: "Анын бул кызматта иштегени учурунда биз экөөбүз жакын байланышта болдук, Борбордук чалгындоо агенттигигин деректири үчүн бул өтө маанилүү. Мен анын мага берген кеңештерин жогору баалайм", - деди президент. Жумуштан кеткен Госстун айтымында болсо, Агенттик азыр жакшы иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG