Иран президенти Махмуд Ахмадинежад кечээ күнү Бакы шаарынан сүйлөп, эч кандай эл аралык майзамдар Тегеранга өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө тыюу салбайт деп жарыялады: "Биздин турумубуз эл аралык мыйзамдарга негизделет. Бизге каршы чыккан мамлекеттер өз талаптарына эч кандай мыйзамдуу негиз таап айта алышпайт. Алар өздөрү өзөктүк технологияга ээ, алардын өзөктүк куралы да бар, бирок бизге алар тынчтык максатында өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө да тыюу салгысы бар", - деди Ахмадинежад. Иран президенти Азербайжанга Экономикалык кызматташуу уюмунун саммитине катышууга келген. Ал жыйынга Азербайжан, Иран, Ооганстан, Пакистан, Түркия жана беш Борбор Азиялык жумурияттын өкүлдөрү катышты.