БИШКЕК. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев кезектеги жардыгы менен Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын 15 кишиден турган курамын бекитти. Ага ылайык төрага Турсунбек Акун баштаган комиссияга Азиза Абдырасулова, Эдил Байсалов, Искак Масалиев, Эркинбек Салымбеков, Өмүрбек Абдыракманов, Валерий Улеев өндүү саясатчылар, окумуштуулар, жарандык коомдун, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү мүчө болушту. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы 6-майда таратты.