Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ДИК ЧЕЙНИ: АКШ КАЗАКСТАНГА ШҮЙШҮНӨТ


АКШнын вице-президенти Дик Чейни кечээ Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп,антитеррор проблемасын,экономикалык маселелерди талкуулады.Чейни Казакстандын экономикалык жетишкендиктерин жогору баалады.”Бу өлкөнүн азыркы дүйнөгө кошуп жаткан көп салымдары бизди шүйшүнтөт, Кошмо Штаттары Казакстанды өзүнүн досу деп санап,буга сыймыктанат”,- деп айтты ал.

Өз кезегинде президент Назарбаев Казакстанда америкалык бир канча мунай компаниялары иштеп жатканын белгиледи. Алардын бирин – Haliburton компаниясын мурда Дик Чейни жетектеген. Кошмо Штаттары Казакстандын эң ири инвестору, деп айтты Назарбаев. Инвестициялардын көлөмү 12 миллиард долларга жетти,товар алмашуу 2 миллиард доллардан ашты. Казакстанда америкалык компаниялар катышкан 374 ишкана ачылган.

Россия менен Молдова, Грузия сыяктуу өлкөлөр,өзгөчө Украина ортосунда тутанган газ талаштары АКШ менен Евросоюзду “көгүлтүр отундун” башка жолдорун издөөгө түрттү. Казакстанга бу жагынан Батыш газдын жана мунайдын башкы булагы катары карай баштады жана Каспий алабындагы табигый отун кендерин Баку-Тбилиси-Жейхан кууруна “байлаганы” жигердүү аракеттене баштады.

Россия өзүнүн табыгый ресурстарын постсоветтик өлкөлөргө кысым жасоонун, демократиянын арымын ооздуктоонун каражаты кылып пайдалана баштаганын Чейни Вильнюстагы жыйында сынга алган эле. Россияда анын сөздөрүн жаңы “кансыз согуштун” кабары катары кабыл алышты. Бул маселеге кайрылып, президент Назарбаев Россия менен АКШ ортосунда тиреш жок деп ойлой турганын, болгону бу достук маанайда айтылган пикир экенин белгиледи. “Ар бир өлкө өз проблемасын өзү чечкенге, көз карандысыз саясат жүргүзгөнгө аракеттенет. Ошол эле учурда ар ким өз пикирин айтканга да акылуу,эгер ал достук ыкылас менен айтылса,ал баарыбызга пайдалуу болот”, - деп айтты Назарбаев.

Дик Чейни оппозициялык лидерлер менен да жолугушту. Бирок ал Казакстандагы демократиялык процесстердин өксүк-кемтиктерин дегеле сынга алган жок.

XS
SM
MD
LG