Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

ИРАН: БУУнун САНКЦИЯЛАРЫ КОНФРОНТАЦИЯГА АЛЫП КЕЛИШИ ЫКТЫМАЛ


Бирикккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын атомдук программасына каршы чара көрсө, бул Батыш менен Ирандын конфронтациясына алып келет, - деп эскертти расмий Тегеран. Анын аралыгында Британия, Франция жана Кошмо Штаттары БУУнун резолюциясы боюнча пикир келишпестиктерди жоюу аракеттерин көрүшүүдө. Аталган документке Россия жана Кытай каршы болушууда. АКШ Москва менен Бээжин Ирандын атомдук программасы боюнча долбоорду колдобосо да, аны эмки жумада колго салуу ниети жөнүндө билдирүүдө.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид Реза Азефи Тегеранда өткөн жумалык пресс-конференцияда тараптар ортосунда жаңылыш чечим кабыл алынса, ал Иран менен МАГАТЭнин кызматташуусуна залакасын тийгизет деп билдирди.

Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоору БУУнун Хартиясына шилтеме кылып, Ирандан уран байытуу процессин токтотууну талап кылат. Аталган документти АКШнын колдоосу менен Франция жана Британия сунуш этишкен. Басма сөз катчы Азефи анын өлкөсү мындай шартка макул болбой тургандыгын ырастады.

Сөз болуп жаткан резолюция санкцияларга жол ачышы ыктымал, бирок аларды аныкташ үчүн дагы бир документ талап кылынат. Россия менен Кытай бул резолюция Иранга каршы аскерий күч колдонууга алып келет деп чочулашат.

Британия, Франция жана АКШ ушу тапта ортодогу пикир келишпестиктерди жою аракетин көрүшүүдө.

Менимче, биздин турумдарыбызда бир катар айырмачылыктар бар, бирок стратегиялык максат – Иранга ядролук курал чыгарууга жол бербөө. Мен Коопсуздук кеңешинин бардык 5 туруктуу мүчөсү буга макул деп ойлойм. Биз Иранды МАГАТЭнин чечимдерин аткарууга милдеттендирген резолюция кабыл алуу жолдорун издөөдөбүз, - деди АКШнын БУУдагы элчиси Жон Болтон.

Россиянын Тышкы министринин орун басары Сергей Кисляк болсо документке олуттуу өзгөртүүлөр киргизилиши керек деген пикирин ортого салды. Франциянын өкүлү Жан Марк де ля Саблиэр ишембиде мунасалуу чечимге жетишилет деген үмүтүн билдирген:

Биз адегенде туруктуу мүчөлөр, андан соң кеңештин бардык мүчөлөрү менен жолугуштук. Биз туура багытта баратабыз. Айрым прогресске жетишитик, бирок алдыда дагы көп иштер күтүүдө.

Бирок Россия жана Кытайдан тышкары резолюцияга макул болбогон башка мамлекеттер да бар.

Кээ бир делегацияларга бул текстти кабыл алуу мүмкүн эмес. Башкалары аны колдошот. Демек азыр бардыгын канааттандырган, орток чечим табуу керек. Дүйшөмбүдө колубузга жаңы документ тийгенде, аны талкуулап, пикир келишпестиктерди жоебуз деп үмүттөнөм, - деди Катардын БУУдагы элчиси Насир ал –Насар.

Коопсузудук кеңешиндеги талкуулар 9-майда улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG