БИШКЕК. Ош шаарында ЭлТР коомдук телерадио компаниясынын бет ачары болуп өттү. Ага вице-премьер-министр Адахан Мадумаров башында турган мамлекеттик жетекчилер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. ЭлТРдин жетекчиси Кадыр Кошалиевдин айтымында, коомдук телеканалдын эң жогорку коллегиалдуу башкаруу органы болуп тогуз кишиден турган байкоочулар кеңеши түзүлгөн. Анын биринчи жыйыны бүгүн өткөрүлүп, кеңештин төрагалыгына окумуштуу Кусеин Исаев шайланган. Аталган телеканалдан 14 сааттык телеберүүсү Кыргызстандын бүткүл аймагында көрсөтүлөт. Мамлекет тарабынан 25 млн. сом каражат бөлүнгөн. Өткөн жылы 10-декабрда Президент Курманбек Бакиев “Ош-3000” телесинин базасында ЭлТР коомдук телерадио компаниясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.