БИШКЕК. «Улуу Жеңиш күнү биздин калкыбыз үчүн эң ыйык жана кубанычтуу майрамдардын бири болгон жана болуп кала берет. Жеңиш майрамы – жеке эле Даңктын жана Эскерүүнүн күнү эмес. Бул күн - биздин ар бирибиздин азыркы учур жана балдарыбыздын бейпил келечеги үчүн жоопкерчилигибиз тууралуу эске салып, ойлонтуп туруучу күн” деп айтылат президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү куттуктоосунда.
Президент Улуу Ата Мекендик cогуштун ардагерлерин жана оорук мээнеткечтерин жеңиш майрамы менен куттуктады