Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ


Кыргызстанга сунушталып жаткан бийлик системаларынын өзгөчөлүгү боюнча берүүбүздү улантып, бул ирет парламенттик бийлик системасынын артыкчылык-кемчилиги туралуу сөз кылабыз. Маалым болгондой, өлкөдөгү бир катар саясий партиялар Кыргызстанга парламенттик башкаруунун ылайыктуулугун айтып келатат.Эгерде жумуруятка мына ушундай бийлик системасы орнотулса, ал кыртыш алып кетеби?

Парламенттик бийлик системасы менен Улуубритания, Германия, Италия, Япония өңдүү мамлекеттер ургаалдуу өнүгүп келатат. Мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөн болсо Балтика боюндагы Эстония, Латвия мыкты өнүгүүдө.

Парламенттик бийлик системасына ылайык парламенттик шайлоого саясий партиялар өз программа жана талапкерлердин тизмеси менен катышат. Шайлоодо жеңип чыккан партия, эгерде шайлоочулардын 50%дан көбүнүн добушун алса, ал өз алдынча өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Өкмөт башына келген лидер адатта премьер-министр аталып, ал аткаруу бийлигин жетектейт. Эгерде кайсы бир партия шайлоочулардын көбүнүн добушуна ээ боло албаса, анда башка партиялар менен сүйлөшүп, коалициялык өкмөт түзүүгө аргасыз болот. Президентти деле парламент шайлайт.

Президент мамлекет башчысы аталган менен күчтүү ыйгарым-укуктарга ээ болбойт. Көбүн эсе өкүлчүлүктүн ролун аткарат. Мына ушундай бийлик системасына таянган Конституциянын долбоору бир вариант катары президент түзгөн комиссия тарабынан иштелип чыгаары буга чейин кабарланган.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай долбоорун президентке сунуштаганын билдирген.

Маалым болгондой, Кыргызстанда «Арнамыс» партиясы алгачкылардан болуп парламенттик бийлик системасын куруу демилгесин көтөрүп чыккан. Бул партиянын лидери Эмил Алиев парламенттик бийлик система аркылуу трайбализм, регионализм, кланчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдү жоюуга шарт түзүлөөрүн айтып, буларды белгиледи:

-Ар кандай системалар бар. Алардын ар биринин артыкчылыгы, кемчилиги бар. Парламенттик республикада кемчилик азыраак болот. Себеби парламент топтон түзүлгөн, коллегиалдуу орган. Анда эмне иш болуп жатканы ачык болот. Эл көрүп турат.Парламент аркылуу өкмөт түзүлөт.

Эмил Алиев бул системанын кемчилиги катары кандайдыр бир чечимди кабыл алуунун узакка созулуп кетиш мүмкүнчүлүгүн атайт:

-Кемчилик жагы, кээ бир маселени чечүүдө, же чечим кабыл алаарда көп убакыт кетип калат. Себеби, парламентте баары талкууга салынат. Ошондо мунун оюн, тигинин оюн укканча убакыт өтүп кетет.

Юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаев парламенттик башкарууну үч белгисин белгилейт: -Анын биринчи белгиси, президент парламенттен ыйгарым-укук алат. Экинчи белгиси, президенттин иш-аракети парламент аркылуу көзөмөлдөнөт. Үчүнчү белгиси, өкмөт толугу менен парламент алдында жоопкерчиликтүү болот. Башкача айтканда, өкмөт коллегиалдуу түрдө парламентке жоопкерчиликтүү.

Бул системанын артыкчылыгы катары партиялардын бекемделиши жана алардын программалары менен таймашуусун айтуу менен Арабаев, кемчилиги катары коалициялык өкмөттөрдүн ылдам-ылдам ыдырап турушун белгилейт:

-Мына Италияда бир жыл ичинде кээде эки жолу өкмөт алмашып кетет. Булардын бийлик системасы, конституциясы ушундайга жол берет. Мына ушул жагы биздин мамлекет үчүн келечегинде терс таасирин тийгизип калышы ыктымал. Эгерде бизде парламенттик башкаруу болуп кала турган болсо.

Албетте, өкмөттүк кризис өлкө алдында турган маселелерди жаап-жашырбай, аларды өз убагында чечүүгө шарт түзөт жана ошону менен өнүгүүгө жол ачат деген көз караштар да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG