Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

КУБАТ ЖУМАТАЕВГЕ ЖЕРДЕШТЕРИ БААТЫР НААМЫН ЫЙГАРУУНУ СУРАШУУДА


Кыргызстанда Кубат Жуматаевдин жердештери ага "Кыргыз эл баатыры" наамын ыйгарууну суранып, Президент Бакиевке кайрылышты. Кубат Жуматаев 1942-жылы Түндүк Кавказдагы Моздок шаарына жакын жерде эрдик көрсөтүп, курман болгон. Ал Советтер Союзунун баатыры наамына көрсөтүлүп, бирок белгисиз себептер менен албай калган. Тарыхчы изилдөөчүлөрдүн айтымында, согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлердин арасында Кубат Жуматаевге окшоп эрдик көрсөтүп, бирок баатыр наамы берилбей калган мисалдары көп.

Кубат Жуматаев 1942-жылы Түндүк Кавказдагы салгылашууларда баатырдык менен курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда, ал 9-сентябрда гвардиянын саясий жетекчиси катары окко учкан командирдин ордун басып, ротаны жетектеп калат. Ошол күнкү урушта алар үч айылды немецтик баскынчылардан бошотуп, үч дөңсөөдөгү душмандын чыңдоосун талкалашкан. Фашистттик аскерлер аларга каршы он беш танка жана жүздөгөн жөө аскер менен чабуул коюшкан. Кубат Жуматаев жетектеген рота душмандын үч танкасын жана сексенден ашык немецтерди жок кылышып, эки чабуулдун мизин майтарышкан. Душман үчүнчү жолу чабуулга өткөндө Кубат Жуматаев өзү жалгыз калып, акыркы гранаталарын белине байланып, өзүн танк алдына таштап курман болгон. Ал байланышка чыккан акыркы сөзүндө өзү гана жалгыз калганын, эч качан душмандын колуна тирүү түшпөй турганын билдирген экен.

Кубат Жуматаев кызмат кылган бригаданын командованиеси аны Советтер Союзунун баатыры наамына көрсөткөн. Бирок, белгисиз себептер менен бул өтүнүч ишке ашпай калган. Кийин Кубат Жуматаев Кызыл Туу ордени менен сыйланганы жөнүндө маалыматтар табылган.

Кыргыз жоокеринин жаркын элесине арнап анын эрдиги жөнүндө согушта бирге болгон Темиркул Үмөталиев Кубат деген поэма жазган. Туулган жери Панфилов районундагы Эркин сай айылындагы мектепте үй-музейи ачылган.

Жакында ушул айылдагы жердештери Кубат Жуматаевге "Кыргыз эл баатыры" наамын ыйгарууну суранып, Президентке кайрылышты. "Кыргызстандын эли Кубатты ансыз деле баатыр деп билет, кеп эми аны расмий колдогон чечим чыгарууда калды" дейт бул ишке демилгечи болгон элеттик мугалим Калыйча Эликбаева.

Бишкектеги Америка университетинин профессору Нарынбек Алымкулов согушта эрдик көрсөткөн баатыр жоокерлердин тагдыр тарыхын көп жылдардан бери иликтеп келатат. Анын айтымында согушка аттанган кыргыз жоокерлеринин арасында Кубат Жуматаевге окшоп эрдик көрсөтүп, бирок анысы бааланбай калган мисалдар көп.

Нарынбек Алымкуловдун айтымында Советтер Союзунун баатыры наамын алууга татыктуу эрдик жасагандардын арасында Чаткал районунан согушка барган Ахматша Түмөнбаев да бар. Ал душмандын дзотун көкүрөгү менен тосуп курман болгон. Ушундай эрдик жасагандыгы үчүн кезегинде Александр Матросов, Чолпонбай Түлөбердиев даңкталып, аларга баатыр наамы ыйгарылган. Ахматша Түмөнбаевге дагы баатыр намын сурап, ал кызмат кылган аскер бөлүгүнүн жетекчилери жогору жакка төрт жолу кайрылган экен, дейт Нарынбек Алымкулов.

Кыргызстандын жетекчилери согушта эрдик көрсөтүп, бирок бааланбай калган Кыргызстандыктар жөнүндө СССР өкмөтүнүн алдына ар кандай учурда маселе коюп келишкен. Бирок, мындай кайрылуулардан бир гана жолу ылаажы болуп, Исмаилбек Таранчиевге Михаил Горбачевдун тушунда Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган. Исмаилбек Таранчиев 1944-жылы күйүп бараткан самолетун душмандын объектисине багыттап, бир нече танканы кыйратып, курман болгон.

Учурунда бааланбай калган баатырлардын эрдиги кийин бааланып аткан мисалдар Россияда да кездешүүдө. Согуш маалында сүргүнгө айдалган чечен улутундагы жоокерлердин эч кимисинин эрдиги бааланган эмес. Бирок, чечен калкына саясат оңолгондон кийин Президент Путин аларга баатыр наамын берүү жөнүндө кеч да болсо жарлыктарды чыгарган. Ошондуктан Россиянын өрнөгүнө салып, жоокерлердин согуштагы эрдигин унутпай, алардын атын сый-урматка бөлөө бийлик тараптын мойнундагы парз, дейт маектешибиз Нарынбек Алымкулов.

Дүйнөлүк экинчи согушка Кыргызстандан баардыгы 300миңден ашуун адам аттанган, алардын дээрлик жарымы кайткан эмес. Баардыгы 73 кыргызстандык Советтер Союзунун баатыры наамына ээ болушкан. Изилдөөчүлөр, эгерде тарыхый чындык салтанат кура турган күн келсе, кыргыз баатырларынын саны мындан да арбын болору шексиз деп билишет.

XS
SM
MD
LG