Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

КЫРГЫЗСТАН ЖЕҢИШ КҮНҮН МАЙРАМДООДО


Аманбек Жапаров,Бишкек Бишкекте Жеңиш аянтында өткөн салтанатта президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, согуштун жана ооруктун ардагерлерин куттукташты. Шаардык администрация тарабынан талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге сый тамак берилди.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына Жеңиш аянтындагы тургузулган эстеликтер мындан алтымыш жыл мурда болуп өткөн дүйнө алааматынан кабар берет. Аянттын ортосундагы көтөрүлгөн түндүк алдында колундагы кесеге суусундук куюп алып, согуштан уулун күткөн эненин айкелинин бет маңдайында түбөлүк от күйүп турду.

Жеңиштин урматына уюштурулган митингдин ачылышында президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик башчылары, элчиликтин өкүлдөрү, ооган согушунун ардагерлери түбөлүк отко гүл чамбар коюшту. Орден-медалдарын күнгө чагылдырышып каркырадай катар тизилишкен согуштун жана ооруктун ардагерлери митингдин көркүн ачты.

Митингден кийин шаар администрациясы талаа ашканасын уюштуруп, ардагерлерге аскердик ботко, кара нан, 100 граммдан арак беришти. Өткөн аптада өлкөдөгү согуш ардагерлерине мамлекеттик мекемелер, район, шаар жетекчилиги тарабынан салттуу бир миң сомдон жөлөк пул, белек-бечкек берилген. Митингке келген согуштун ардагерлеринин көпчүлүгү мамлекет тарабынан берилген анча-мынча жардамга деле ыраазы.

Калининград, Украина, Саратовду фашисттерден бошоткон Жумадил Шейшеналиев айына алган 1150 сом пенсиясына каниет кылат. Анын айтымында, тогузунчу майга карата Октябрь райондук администрациясы миң сом берген. Ал курдуу согуш ардагерлеринин көпчүлүгүнүн жашоо шарты начар.

Кызыл жылдыз орденинин ээси Болот Шооруков өлкөдөгү экономиканын начардыгынан саналуу калган согуш ардагерлерине мамлекет эптеп көңүл сооротуп, 9-майда көңүл бөлүмүш болот, деген оюн айтты.

Майрамса аттуу эмгек ардагери согуш маалында секелек кыз кезинде оорукта машак терип, айдоо айдап, кызылча казган.

-Абышкам Улуу Атамекендик согуштун катышуучусу болуучу. Сексен жетиге чыгып, алты жыл мурда каза болгон. Шаардык бийлик бир жарым тоннадан көмүр берет. Анысын да артынан чуркап жүрүп алам. Өкмөт айына элүү сомдон пул чегерген. Электр төлөмдөрүнө кичине жеңилдик берген. Башка жардам жок. Балдарым өздөрүнчө үйбүлөсү менен бөлүнүп кетишкен. Жалгыз турам. Эптеп-септеп жашоо кечирип жатам,-дейт Майрамса.

Майрамса апа сыяктуу митингке келишкен адамдар да согуш мезгилинде оорукта эмгектенгендерге согуш ардагерлери сыяктуу эле ооруктун ардагерлерине мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилип, пенсиясына кошумча жөлөк пул кошулса, деген тилектерин билдиришти.

Массалык маалымат каражаттары билдиргендей Жеңиш күнүнө карата башка өлкөлөрдө майрамдык салтанат жогорку деңгээлде өткөрүлүп, согуш ардагерлерине мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп, кыйла жеңилдиктер берилген. Сталинград согушунун катышуучусу Токтобай Айдаров Россия, Казакстанда атыгүл Тажикстанда согуш ардагерлерине кошумча жөлөк пул берилип, медициналык жактан тиешелүү жардам көрсөтүлүп ардагерлерге өзгөчө сый мамиле кылышат, дейт.

Расмий маалыматтарга караганда согуштан мекенине кайтып келген 200 миңдей жоокердин учурда жети миңден ашууну эле калган. Алардын көпчүлүгү жардамга муктаж.

Улуу Жеңиштин урматына өткөрүлгөн митингде президент Курманбек Бакиев өлкөнүн экономикасын көтөрүү багытында аракеттер көрүлүп жатканын билдирди:

-Биз бүгүн абийирибиз менен жашашыбыз керек. Кийинки кездери бийликтин адилетсиздигинен,коррупция менен алдамчылыктын кесепетинен коомдо ажырым болгон адамдык жылуу мамилелерди калыбына келтиришибиз керек. Завод-фабрикаларды жандандырып, ар бир Кыргызстандыктарды жумуш орду менен камсыз кылышыбыз керек. Улууларга жана балдарга кам көрүп, элибиздин биримдиги жана тынчтыгын ыйык сактап, эртеңки күнгө ишенимди пайда кылып, ар бир үйбүлөгө барчылык жашоону камсыздообуз зарыл.

Расмий маалыматтарга караганда өткөн кылымдагы адамзаттын жүрөгүндө өчпөс кара так калтырган экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363144 жоокер аттанып, алардын 130 миңден ашыгы кайтпай калган. Согушка 1395 кыз-кыркын катышып, алардын дээрлик бардыгы мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Кыргызстандык 73 атуулга Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган.

Генерал-майор И.Панфиловдун легендарлуу 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны фашисттик Германиянын аскерлеринен коргоп, өзгөчө эрдикти жаратып тарыхка өчпөс из калтырган.

XS
SM
MD
LG