Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:47

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ, ОППОЗИЦИЯНЫН “БАЛАЛЫК ООРУСУ”,УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТ КАНЧА ЖАШТА?


9-майда өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Жеңиш күнүнө арналган макалаларга орун берди.

“Агым” гезитинде кабарчы Асланбек Сартбаев “Элиң курал, оппозицияң жоо беле?” деп суроо коюп, жооп издейт. “Мамлекеттин ар тараптан өнүгүшүнө, пайдубалынын бекем болушу түздөн- түз оппозициядан таасир этет. Эгерде бийлик оппозициянын жүрүшүн туура кабылдап, ага бут тоспосо. Тилекке каршы бүгүн Акүй саясаты сынды көтөрө албаганын далилдеп, мамлекеттин жаңы баскычта өнүгүшүнө салым кошо тургандарды душман сыңары тутуп алды. Бул өтө коркунучтуу” дейт автор.

Ушул “Агымда” “Вице-премьер-министрликке барганы Мадумаров "отставкага кетем" деп үч ирет коркутуп, жарыя салды. Коркутат, бирок кетпейт. Спикерликтен Ө.Текебаев баш тартып жатканда ушу Адахам үкасы катуу кыйкырды эле: "Жигит деген сөзүнө турбайбы!" деп. Өмүрбек акасы депутаттардын каршылыгына карабай, сөзүнө туруп, Эмгек кодекси менен кеткен. Ким жигит, а ким жигит эмес экени сокурга деле көрүнүп калды го?” деп жазуу менен анын ишмердүүлүгүн, саясаттагы каталыктарын сынга алды.

“Тарыхты кайра жазабызбы же Университет канчага чыкты?” деп аталат “Агымдагы” тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун макаласы.

“Кыргызстандын окуу жайларынын флагманы - Кыргыз улуттук университети 1932-жылы негизделген деп жазылган. Окуу китебине жазылган соң, муну өлкөбүздөгү миллиондон ашуун мектеп окуучулары, 200 миңден ашуун студенттер аксиома катары кабыл алары турган нерсе.

Эми май айынын аягында улуттук университеттин 80 жылдыгы белгиленсе, биз окуу китептеринин авторлору өзүбүздүн жүз миңдеген окурмандарыбызга эмне деп жооп беребиз?

Чын эле улуттук университеттин буга чейинки юбилейлеринин баары 1932-жыл боюнча ырааттуу түрдө белгиленип келиптир. Университеттин жамааты, мамлекеттик жетекчилик жана коомчулук кезектеги юбилейди өткөрүү үчүн кеминде бир жылдай даярдык көрүшчү экен. Эми минтип университеттин 80 жылдыгын шашылып, алты жыл мурда белгилөөнүн кандай зарылчылыгы бар экендиги такыр түшүнүксүз. Мынчалык дүрбөп, юбилей өткөрүү үчүн Өкмөттүн буйругун чыгартууга, уюштуруу комитетин түздүрүүгө жетишкен демилгечи топ, өздөрүнүн шашылыш аракеттери менен негизсиз той өткөрүшүп, өлкөбүздүн президентин, өкмөт башчысын, улуттук университеттин жалпы жамаатын коомчулуктун алдына уяткарып койбос бекен?!” деп тынчсызданат тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов.

“Жогорку кеңештин төрагасынын орун басары Эркинбек Алымбеков Орусияга Мамдуманын 100 жылдыгына катышканы расмий делегациянын башында туруп, спикер Б.Грызлов менен жолукканда "Өлкөгө зарыл, эл зарлап күткөн реформаларды жүргүзүүгө президентибиз К.Бакиевдин мойну жар бербей атат. Мамлекет башчыбыздын бүгүнкү саясатында алешемдиктер оголе арбын" деп айтыптыр деп маалымдайт ушул эле “Агым” гезити.

“Аалам” гезити саясатчылардын рейтингин жарыялап, алдыңкы беш орунду мамлекеттик жетекчилерге ыйгарган. Биринчи орунда өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев, экинчи катарда Феликс Кулов, үчүнчү орунда Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, андан кийинки орундарды Дастан Сарыгулов менен Адахан Мадумаров ээлеген. Оппозициядагы депутаттар, лидерлер 6-орундан 43-орунга чейин жайгаштырылган.

“ Аалам” гезити- “энергетика тармагы банкротко учурайбы? деп суроо коюп, бул тармакты экс- президент Аскар Акаевдин кадрлары кантип кыйратканы” талдоого алынган.

“ Кыргыз Руху” гезитине берген маегинде өлкөнүн ички аскер бөлүгүнүн командачысы Ашырбек Бакаев “Мекенди тандабайт жана ага таарынганга болбойт”- деген пикирин билдирген.

Ошондой эле ушул гезитке Ош бажысынын башчысы Медербек Сабиров да интервью берген. Ал өлкөнүн бажы кызматындагы көйгөйлөр тууралуу кеп салып “ көңүлгө, өң тааныштыкка карап эле кызматка ала бергендей бажы базар эмес”-дейт.

“МСН” гезити түштүк аймактагы нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен, жер көчкүлөрү жүрө баштаганын маалымдаган.Гезиттин баяндамачысы Людмила Жолмухамедованын оппозиция жана анын лидерлери, эл тууралуу макаласы чыкты. Анда Аскар Акаевдин режими учурунда оппозиция дароо пайда болбогону, ошол учурдагы оппозицияга болгон куугунтуктар, учурдагы оппозициянын балдардын оюнундай жоруктары, лидер болуунун түйшүгү жана жоопкерчилиги тууралуу кеп кылган.

“МСН” гезитинде журналист Вячеслав Тимирбаев “өлкөдөгү чыр-чатак, конфликттердин булагы баш мыйзамдын жеткиликтүү иштебегени, мурдакы бийлик тарабынан өзгөрүлүп турганы ” деп конституциялык реформанын зарылдыгын белгилеген.

“Эркинтоо” гезитине берген маегинде Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев: “Ысыккөлгө туристтердин келиши өлкөдөгү тынчтыкка көз каранды”, деп жайкы эс алуу сезонуна даярдык көрүлүп жатканын айткан.

Ушул эле гезитте өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаевдин “ Коррупция - коом оорусу-кооптуу дарт”деген макаласы чыкты. Ушул темада “ Жарандык коом жана коррупцияга каршы күрөш” кыймылынын төрайымы Төлөйкан Исмаилова да “ эски системанын калдыктары коррупцияны күчөйүп жатканын, ага каршы күрөш жүрбөй, карапайым адамдар жана чегип жатканын” айткан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG