Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:02

КАГАЗДАГЫ ГЭС, ТОКТОП КАЛГАН КОМПЛЕКС


Ысыккөлдүн түштүк-чыгышындагы Сарыжаз өрөөнүндө калай заводун куруу те 80-жылдары башталып, иш аягына чыкпай калган. Анын эсесин чыгарып кыргыз өкмөтү 2008-жылдан кечиктирбей Сарыжаз дарыясында беш ГЭС куруу идеясын жакындан бери көтөрө баштады.

«Сарыжазэнерго» жабык акционердик коому эки жылдан кечиктирбей Сарыжаз дарыясында катары менен 5 ГЭСтин курулуш ишин баштамакчы. Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашына караганда, жаңы курулуштун болжолдуу наркы 3 миллиард доллар акчага чаап барат. ГЭС курулуш он жылдан ашуун убакытка созулуп, ага баш-аягы 8 миңге жакын киши тартылмакчы.

Алдын-ала болжолдуу эсеп менен алганда жаңы ГЭСтердин курулушунан эле өкмөт жыл сайын 20 миллион доллар салык чогултуп, станциялар ишке киргенден кийин салык өлчөмү 40 миллион долларга жетери эмитен эле жарыя айтылууда. Жылына өндүрүлчү 12 миллиард киловат саат электрэнергиясы түгөлү менен Кытайга сатылып, андан мамлекет казынасына жылына 300 миллион доллар түшүп турмакчы.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин ырасташынча, Сарыжаз дарыясына ГЭС куруунун мүмкүнчүлүктөрү абыдан кеңири.

- «Сарыжаз комплекси» деген абыдан сонун долбоор түзүлүп, баарынан мурда руданы – калай казып алууну баштайлы дешкен. Андан кийин ГЭС курулмак. Ал жерде эки курулуш ишканасы болмок. Ошолорду куруп алып туруп ал жерде ГЭСтерди курмак болгонбуз. Ал жерде 5 – 6 ГЭС болмок, абдан натыйжалуу, кирешелүү , пайдалуу ишканалар түшмөк,-дейт Орозбек Дүйшеев.

Башталып калышы ыктымал курулушка Батыш менен Чыгыштын байманалуу өлкөлөрүнүн бардар компанияларынын бир даары кызыгып, станцияга керектүү жабдууларды чыгарууга макулдук беришкенин ошол эле министрликтин маалымат кызматы жарыя кылды.

Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министрлиги өкмөткө сунуш кылган жаңы долбоор ири инвестицияга мукуруп турган өлкө үчүн өзгөчө маанилүү экенин айтпай ак коелу. Бирок да бул айтылгандар азырынча кыргыз, кытай, орус ишкерлери биргелешип келечекте жүзөгө ашырчу милдет. Ал чынга чыгабы-жокпу эмитен айтыш кыйын. Айтылуу «Кумтөр» алтын кенинен жалкып калган өкмөт эмдигиче «Жерүй» маселесин чече албай убара. Нарын дарыясынын алабындагы «Камбарата» ГЭСтеринин курулушуна келчү инвестициянын тагдыры парламенттин колунда дагыле арабөк туру.

«Улуттук электр тармактары» акционердик коомунун президенти Салайдин Авазов ушу тапта энергетиктер инвестиция алып келе турган иштерди кечиктирбей баштоого кызыкдар, деп айтты.

- Эми бул экспорт, кытайларга экспорттоло турган энергия Сарыжазда иштелип чыгат. Бул жактан, тигил жактан, кайсы жерде мүмкүнчүлүк болсо ошол жерден башташат.

Сарыжаз өрөөнүндө ири энергетикалык өнөр жай ишканаларынын курулушу артынан аягына чыкпай калган тоокен ишканасын, калай кенин казып алууну ыкчамдатары турулуу иш. Ал үчүн айтылган сөз ара жолдо калбай ири инвестицияга шарт түзүлүшү абзел.

XS
SM
MD
LG