Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

«АРАЛАШ» БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫНЫН АЛГЫЛЫКТУУ ЖАГЫ КАЙСЫ?


Кыргыз калкына сунушталып жаткан бийлик системасынын үчүнчү түрү-бул «аралашкан» башкаруу системасы болууда. Бул азыркы бийлик системасын өнүктүрүү дегендикти билдирет.

«Аралаш» бийлик системасы тууралуу сөз болгондо, адатта анын классикалык үлгүсү катары Франциянын башкаруу системасы айтылат. Бул өлкөдө президент да, парламент да эл тарабынан түз шайланат. Парламентте жеңишке жетишкен партия өз лидерин премьер-министрликке көрсөтүүгө, дегеле өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. КМШ мамлекеттеринин ичинен мына ушундай системага Армения менен Украина өткөн жылы өттү. Бул өлкөлөрдөгү реформанын натыйжасында күчтүү президенттик бийлик бөлүштүрүлүп, мамлекеттин финансы-экономикасына байланыштуу ыйгарым-укуктар премьер-министрге өткөрүлүп берилди.

Президент негизинен тышкы саясат, коопсуздуккка байланыштуу маселелерди тейлеп, өкүлчүлүктүк милдеттерди аткарат.

Кыргызстандын азыркы бийлик системасын ушул багытта өркүндөтүүнү жактагандар жок эмес. «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликованын билдирүүсүнө караганда, эл арасында, партия мүчөлөрүндө бул системаны өркүндөтүүнү каалагандар бир далай.

Юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаевдун айтымында, бул система Кыргызстан шартына туура келет:

-Мына бүгүнкү күндө иштеп жаткан бийлик системасын аралаш системасы деп атасак болот. Ал президенттик-парламенттик башкаруу системасы. Аралаш башкаруу системасы биздин улуттук өзгөчөлүккө, географиялык шартка ылайыктуу. Бул системаны Армения жана башка КМШ өлкөлөрдөгү системаларды байкап көрүп, ошол багытта өркүндөтсөк туура болмок,-дейт Чолпонкул Арабаев.

Анын пикиринде азыркы Конституцияда премьер-министрге ыйгарым-укуктар жетиштүү эле берилген. Бирок өкмөттүн экономикалык блокко ыйгарым-укуктарын толук жайылтуу багытында иштерди жүргүзсө болот.

Бул система Кыргызстан шартында өзүн актаган жок. Ал жоюлуш керек деген пикирлер да жок эмес. «Арнамыс» партиясынын лидери Эмил Алиев аралаш система тууралуу мындай оюн айтат:

-Мен мындай системаны жактырбаймын. Биринчиден,биз билгенден бийликтин үч бутагы бар. Бул аткаруу бийлиги, сот жана мыйзам чыгаруу бийликтери. Биз алардын үстүнөн президенттик бийликти кондуруп, төртүнчү бутак коюп койгонбуз.Ал туура эмес. Негизинен үч бутак болуп, алардын ортосунда президент болуш керек. Эгерде үч бутактын ортосунда келишпестик же, башка бир маселе келип чыкса, ошондо президент арбитр болуп чыгат. Ошондой болуш керек.

Адистердин пикиринде, азыркы бийлик системасынын кемчиликтүү жактары президенттик бийликтин ченемсиз болуп, бирок жоопкерчилик жагы каралбагандыгында. Андан сырткары демократиялык жана саясий күчтөрдүн коалиялык өкмөт түзүү шартында конфликтерди жаратуучу негиздер бул Конституцияда жана андагы бийлик системасында пайдубалдай эле куйулуп калгандыгында. Муну Бакиев-Кулов тандеминен чыккан проблемалар далилдеп турат.

Андай чатактарга жол бербеш үчүн азыркы аралаш системасын Франция, Армения жана Украинадагыдай өркүндөтүп, ошол багыт менен кетүүгө бизде саясий маданият,салт жана улуттук биримдикти алдыга коюу жетишеби? Бул суроого азырынча жооп бериш кыйын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG