Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

АКШ-ОРУСИЯ МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ЖАРАКА


Нарын АЙЫП, Прага Май айынын башында АКШ вице-президенти Дик Чейни Вильнюс шаарында өткөн эл аралык жыйында чыгып сүйлөп, Орусияны катуу сынга алды. Батыш эксперттеринин айтымында, сындын мазмуну туура болгону менен, АКШ жетекчилиги чындыгында Орусияда адам укуктарынын бузулганы жөнүндө эмес, Маскөө кайрадан күчүнө кирип баратканы тууралуу тынчсызданууда.

Вильнюстагы конференцияга Литва, Польша, Украина, Грузия, Румыния жана Молдованын президенттери Валдас Адамкус, Лех Качински, Виктор Ющенко, Михаил Саакашвили, Траян Басэску жана Владимир Воронин, андан тышкары Азербайжан, Армения, Болгария, Латвия, Эстония жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Ошондуктан жыйынды Балтика менен Кара деңизге чыккан өлкөлөрдүн саммити деп да атагандар бар. Жыйынга НАТО уюмунда тышкы саясат үчүн жооптуу Хавье Солана, АКШ вице-президенти Дик Чейни жана башка саясатчылар чыгып сүйлөдү, бирок Орусиядан чакырылган коноктор келген жок.

Чейни жыйында Орусиянын акыркы мезгилдеги саясатын катуу сынга алды: "Орусиядагы реформаларга каршы чыккандар акыркы он жылда жетишилген ийгиликтерди жокко чыгарууну көздөйт. Коомдогу бардык тармактарда - дин менен маалымат каражаттарында, укук коргоо уюмдары менен саясий партияларда өкмөт жарандардын укуктарын чектеп жатат. Маскөөнүн көптөгөн башка аракеттери да опурталдуу жана алар азыркыдай улана берсе, андан Орусиянын башка мамлекеттер менен болгон мамилелерине зыян тийет", - деди Чейни.

Вильнюстан кийин Чейни Астанага келип, президент Нурсултан Назарбаев менен жолукканда дагы Маскөөгө каршы сын айтты: "Орусияны биз эч кандай шартта душман деп эсептебейбиз, бирок Маскөө акыркы мезгилде айрым мамлекеттердеги күчтүү демократиянын пайда болушуна кандайдыр бир ченемде каршы чыгып жатканы тууралуу өз тынчсыздануубузду билдиребиз, - деди Чейни Астанада.

Ошол эле учурда Чейни Казакстанды мактап, анын жүргүзүп жаткан саясатына суктанганын билдирди. бирок айрым батыш эксперттеринин пикиринде, орус жетекчилиги демократияны канчалык чектеп жатса, казак өкмөтү дагы андан эч кем калышкан жок. Декабрдагы шайлоодо Назарбаев дагы бир жолу президент болуп шайланды жана шайлоочулар добуштарынын ал 91 пайызын чогултканы - шайлоо адилеттүү өткөнүнөн күнөм санатат. Андан тышкары, акыркы мезгилде эки атактуу оппозициялык саясатчы атып өлтүрүлгөн мамлекетке сук артуу өтө деле жөндүү эмес.

Вашингтон шаарындагы Карнеги фондунун эксперти Эндрю Качинс 9-май күнү "Уолл стрит жорнел" гезитинде атайын макала жарыялап, Чейнинин Орусия жана Казакстан тууралуу сүйлөгөн сөздөрү жөн гана кош стандарттуулукту көрсөтпөстөн, АКШ жетекчилиги Маскөөнүн күчүнө кирип баратканы жөнүндө өтө тынчсызданганын билдирет деп жазып чыкты.

Анын айтымында, акыркы 15 жылда Орусия эл аралык сахнада эч мааниге ээ болбогон мамлекетке айланса, акыркы 4-5 жылда ал өтө өнүктү жана эгер 1999-жылы анын дүң өндүрүшү 200 миллиард доллар болсо, үстүбүздөгү жылы ал андан беш эсе көбөйөт. Мынчалык экономикалык жетишкендик, албетте, мунай менен табигый газдын баасы өтө жогору болгон менен байланыштуу, бирок Маскөө өзүнүн тышкы саясатын дагы күчтөндүрдү жана америкалык аскерлердин Өзбекстандан кууп чыгарылышы Маскөөнүн жеңиши болду.

Грузия, Украина менен Кыргызстандагы ыңкылаптардан кийин Маскөө Азербайжан, Беларус жана ошол эле Казакстандагы жагдайдын андай өнүгүшүнө бөгөт койду. Албетте, андай жыйынтык демократияны чектөө ыкмалары менен дагы жетишилип жатат, бирок АКШ ага каршы эски кансыз согуш учурундагыдай ыкмаларды колдонсо, андан азыркы мезгилге жарашкан жыйынтык чыкпайт, дейт Качинс. Анын айтымында, Батыштын саясаты алда канча кылдат болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG